Жаңылыктар

20.11.2015

Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси

Page Content20-ноябрда 11:00до Москвада Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун катышуусу менен кеңешме өткөрөт. Кеңешмеде, ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларына өз ара катышууну камсыз кылуу жана ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларынын порталын түзүү маселелери, мамлекеттик сатып алуулар жана атаандаштык боюнча талаш-тартыштарды Евразия экономикалык биримдигинин Соту тарабынан кароо, ЕАЭБге кирүүчү/ЕАЭБден чыгуучу темир жол транзитинде атаандаштыкты өнүктүрүү жана тарифтерди теңдөө боюнча сунуштарды кароо маселелери талкууланат. Иш-чараны өткөрүү орду: Москва ш., Летниковская к., 2-үй, 2-корпус, 10-кабат.