Жаңылыктар

27.10.2015

ЕЭК алдындагы Салык саясаты жана администрлөө боюнча Консультативдик комитеттин сегизинчи отуруму

Page Content27-28 октябрда Москвада ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы алдында ЕЭК алдындагы Салык саясаты жана администрлөө боюнча Консультативдик комитеттин сегизинчи отуруму болот. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) салык кызматтарынын өкүлдөрү катышыт. Иш тартибинде 20дай ар кыл маселелер каралмакчы. Мисалы, кыйыр салык салуу тармагындагы эл аралык укуктук актылардын долбоорлору – ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүндө алкогольдук жана тамеки өнүмдөрүн акциздөө жаатында салык саясатын жүргүзүү принциптери жөнүндө макулдашуу карала тургандыгы болжолдонууда. Ошондой эле, өз ара соода жүргүзүүдөгү кыйыр салыктарды төлөөгө байланыштуу бир катар эң орчундуу маселелер каралат: -Ички рыноктогу кыйыр салыктарды кайтаруу процедурасын өркүндөтүү, анын ичинде, эл аралык жүк ташуудагы КНСти (кошумча нарк салыгын) кайтаруу жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча; -Кирген товарлар жана төлөнгөн кыйыр салыктардын төлөнүүсү боюнча арыздарды алмашуу боюнча; -ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө салык салуу боюнча; -Темир жол кыймылдуу составын ажыратуучу ремонтун жүргүзүүдө КНС салуу боюнча; - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагында таш көмүр сатуучу казакстандык компанияларга карата Казакстан Республикасынын салык органдары тарабынан экспорттук ренталык салыгын пайдалануу боюнча; -ТЭИ ТН (тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы) маалымдамасы боюнча актуалдуу маалыматтарды убагында албай калуу көйгөйү жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин салык кызматтары тарабынан ТЭИ ТН маалыматтарын алуунун учурдагы схемасын кайра карап чыгуу боюнча; -Экспорттук операциялар боюнча товарды алып чыгуунун тастыктодо пайда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча; -Армения Республикасына ишкерлик максатысыз түрдө жеке жактар тарабынан автомобилдик транспорт алып кирүүдө КНС салык салуу боюнча; - ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу боюнча 2011-жылдын 11-декабрындагы Протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча; Андан сырткары, салыктык администрлөө максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу боюнча протоколунун долбоорун макулдоо боюнча жумушту талкуулоо, жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге жана анын № 18 тиркемесине шайкештигин анализдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо болжолдонууда. Интеграциялык бирикмелердеги салык салуу маселелериндеги эл аралык тажрыйбаны изилдөө максатында жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында, алдыңкы эл аралык билим берүүчү мекемелер менен, так айтканда, Коомдук каржылар академиясы жана Вена университетинин австриялык жана эл аралык укук институту менен кызматташуу пландалууда. ​