Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
27 июнундагы 2025
Андрей Слепнев: "ЕАЭБде товарларды маркалоо өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев 27-июнда Минскте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумун өнүктүрүү жөнүндө маселени кароонун жыйынтыктары боюнча билдирди. "2019-жылдан тартып Евразия экономикалык бирлигинде жалпысынан 274 миллиардга жакын товар маркаланган. Рыноктун "акталышы", контрафактылык продукциялардын деңгээлинин төмөндөшү, легалдуу компаниялардын санынын көбөйүшү, ак ниеттүү өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүүлүгүнүн өсүшү жана бюджетти толтуруу деңгээлинин жогорулашы далилденген натыйжалар болуп саналат", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Маркалоонун натыйжасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматтары менен тастыкталган. Мисалы, Арменияда товарларды мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын санынын өсүшү 7%ды түзгөн. Казакстанда контрафакттык тамеки продукциясынын жүгүртүүсү 24,7 млн долларга азайган. Россия Федерациясында сүт продукциясы үчүн рынокто актоо деңгээлинин өсүшү 22%га, жеңил өнөр жай товарлары үчүн – 36%га, бут кийим үчүн – 18%га, парфюмерия үчүн – 43%га жеткен. "Мүчө мамлекеттердин бюджеттери да маркалоону киргизүүдөн чоң пайда көрүштү. Салыктардын жана алымдардын түшүүсүнүн көбөйүшү бардык өлкөлөр боюнча байкалууда жана өлкөдө маркалоо киргизилген товарлардын категорияларынын санына түздөн-түз көз каранды", — деди Андрей Слепнев. Мисалы, товарлардын категорияларынын максималдуу саны маркаланган Россияда маркаланган продукцияны сатуудан бюджетке кошумча түшүүлөрдүн көлөмү 15 млрд долларды түзсө, Кыргызстанда 68 млн долларды түзгөн. Жалпы бирликтик эрежелер киргизилгенге чейин эле рынокту кыйла "актоого" мүмкүндүк берген улуттук маркалоо мурдатан колдонулган Беларуста кошумча бюджеттик түшүүлөрдүн көлөмү 4,64 млн долларга жеткен. Кийинки кадам мыйзамсыз продукцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө багытталган маркалоо тутумун андан ары жакшыртуу болмокчу. "Биринчи кезектеги милдет товарлардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун жана коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн улуттук маркалоо тутумдарынын ролун күчөтүү болуп саналат", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев. Мындан тышкары, Бирликтин деңгээлинде маркалоо тутумун технологиялык өркүндөтүү жана маркаланган товардын эркин жүрүүсүн укуктук камсыздоо боюнча иштер улантылат.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБ менен БАЭ ортосунда Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду
27-июнда Минскте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алкагында бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке төмөнкүлөр кол коюшту: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Наталья Петкевич, Казакстан Республикасынын Премьер – министринин орун басары — улуттук экономика министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода министри Тани Ахмед Аль Зейуди. Бириккен Араб Эмираттары — Перс булуңундагы өлкөлөрдүн арасында ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Күтүлгөндөй, кол коюлган Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишими БАЭ менен соода мамилелериндеги жаңы баскыч болуп, өз ара сооданы сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт. ЕАЭБ менен БАЭ ортосунда кызматташтыкты максималдуу тереңдетүүгө багытталган экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча иштер эки жарым жылга созулду. Түзүлгөн шарттар тараптардын ортосундагы соода жүгүртүүнү олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. "Түзүлүп жаткан жаңы соода режиминин алкагында эмираттык тарап товардык номенклатуранын 86%на карата преференциялык жеткиликтүүлүктү ачты. Бирликтин жеңилдиктери өнөктөш үчүн товардык номенклатуранын 85%ын жабат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал биздин өлкөлөр үчүн жеңилдетилген экспорттук камтуу наркы жагынан учурдагы экспорттун 98%дан ашыгын же 12,1 миллиард доллардан ашыгын камтыйт деп түшүндүрдү. Соода режимин либералдаштыруунун натыйжасында БАЭ тарабынан ЕАЭБ товарларына карата колдонулган орточо чен 5%дан 0,6%га чейин кыскарат. Ошентип, алып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча жылдык үнөм 260 миллион доллардан ашык бааланат. Товардык багытта алып караганда, ЕАЭБдин дан азыктары (буудай, арпа, жүгөрү), эт (бодо мал, кой эти, субпродуктулар), канаттуулар эти, жумуртка, кургатылган жашылчалар (нокот, буурчак, жасмык, буурчак), өсүмдүк майы, сүт азыктары (нак сүт, кургак сүт, йогурт, сүт сары суусу, каймак май, сыр), кондитердик азыктар, бал, минералдык суу, джемдер, шоколад сыяктуу негизги айыл чарба товарлары үчүн преференциалдык жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. Өнөр жай сектору бөлүгүндө жеңилдиктер товарлардын төмөнкү категориялары боюнча берилген: металлургия өнөр жайынын продукциясы (легирленген болоттон прокат, ысык прокат жана муздак прокат, кара металлдан жасалган даяр буюмдар, түтүктөр, профилдер жана бурчтар, темирден жасалган зымдар, алюминий жана жез зымдар, алюминий фольга ж.б.), мунайзаттар (жеңил жана башка дистилляттарды кошо алганда), жыгач өнөр жай комплексинин продукциясы (плиталар, фанера, түпкүчтөр, эмеректер ж. б.), целлюлоза, басма продукциясы, бургулоо үчүн аспаптар, турбиналардан баштап механикалык жабдуулардын кеңири топтому жана соркысмалардын айрым түрлөрү. Ошондой эле либералдаштыруу электр жабдууларына (электр генератордук түзүлүштөр, баштапкы элементтер жана баштапкы батареялар, электр аккумуляторлору ж.б.), темир жол контейнерлерине, атайын техниканы кошкондо мотор транспорт каражаттарына, косметикага (чач үчүн каражаттар, атырлар, дезодоранттар ж. б.), химиялык өнөр жай продукцияларына (боектор, майлар, беттик активдүү заттар, жер семирткичтер) жана дары-дармектерге тиешелүү болот. Бириккен Араб Эмираттары керектөөчү товарлардын кеңири номенклатурасы боюнча жеткирүүлөрдү көбөйтө алат. Кеп косметика, атыр, саат, кийимдин айрым түрлөрү жөнүндө. "Макулдашуу тарифтик либералдаштыруу көз карашынан алып караганда гана эмес, ошондой эле ал түзүп жаткан жөнгө салуучу чөйрө жагынан да чындап эле дымактуу болуп саналат", – деди Андрей Слепнев. Анын айтымында, документте электрондук соода, экономикалык кызматташтык жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен БАЭ ортосундагы тышкы экономикалык ишмердүүлүккө ЧОИлерди тартуу маселелери боюнча мыкты дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жоболор бекитилген. "Биздин соода 2020-жылдан бери үч эседен ашык өстү. Бизнесинин дилгирлигинин жана ЕЭК менен биздин өлкөлөрдүн жөнгө салуучуларынын жигердүү ишинин аркасында жакынкы арада келишим күчүнө киргенден кийин товар жүгүртүү 20 млрд доллар көрсөткүчүнөн ашышы мүмкүн", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри. Кол коюлгандан кийин экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу БАЭде жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ратификациялык жол-жоболорду өткөрүү үчүн сунушталат.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБде 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу эрежелерин сактоонун жыйынтыктары чыгарылды
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан даярдалган 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну, уюштурууну жана ишмердикти жөнгө салуу эрежелеринин жоболорунун Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары жөнүндө баяндаманы карап чыкты. Баяндамада эрежелерди сактоонун негизги аспектилери, атап айтканда, мамлекеттерде ишкерлер үчүн жагымдуу жол-жоболорду колдонуу чагылдырылган. Анын ичинде – жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ), "унчукпоо — макулдуктун белгиси" принцибин колдонуу жана бизнести текшерүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү. "Биз катышуучу өлкөлөр тарабынан эрежелерди өз мыйзамдарына имплементациялоонун оң динамикасын көрүп жатабыз. Баяндама документте каралган шарттарды ишке ашыруу 100 пайызга чейин жетип жатканын тастыктайт. Бул Бирликтин алкагында бизнес үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карай маанилүү кадам", — деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. ЕЭК министри "унчукпоо – макулдуктун белгиси" принцибин киргизүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду, ага ылайык мамлекеттин компетенттүү органы белгиленген мөөнөттө арыз ээсине тиешелүү уруксат берүүгө же жүйөлүү баш тартууну берүүгө тийиш, башка учурда арыз ээси аны жүзөгө ашыруу үчүн арыз берилген ишке автоматтык түрдө укук алат. 2023-2024-жылдар үчүн баяндама, ошондой эле мурдагы мезгилдер үчүн баяндамалар менен Комиссиянын сайтынан таанышууга болот.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБде спорт чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды
Бүгүн Евразия экономикалык бирлигинин беш мамлекетинин лидерлери спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын бекитишти. 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясында каралган документте кызматташтыктын негизги багыттары — спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, спорттук товарларды өндүрүүнү жана аларды алмашууну көбөйтүү, спорттук туризмди кошкондо спорттук индустриянын кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу аныкталган. Экономикалык кызматташтыктын негизги факторлору катары "бешилтик" өлкөлөрүнүн географиялык жакындыгы жана өнүккөн спорттук инфраструктурасы белгиленген. "Жалпысынан бул факторлор синергетикалык натыйжаны жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн жагымдуу негизди түзөт. Биргелешкен аракеттер менен биз Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарын сапаттуу спорттук продукция менен камсыз кыла алабыз, спорттук инфраструктураны өнүктүрө алабыз жана спорт чөйрөсүндө экономикалык өз ара иштешүүнү жаңы деңгээлге чыгара алабыз", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов документке комментарий берди.
27 июнундагы 2025
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлорун либералдаштыруу жөнүндө баяндаманы жактырды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама кабыл алынды. Баяндамада туризм, метеорология, маркшейдердик иштер, баалоо иши, курулуш жана кинематография сыяктуу багыттар боюнча 2024-жылга мониторингдин жыйынтыктары көрсөтүлдү. Административдик кызматташтык жөнүндө макулдашууларды иштеп чыгууну аяктоо, ошондой эле бул секторлордо жөнгө салууну айкалыштыруу үчүн методикалык сунуштарды иштеп чыгуу маселелери белгиленген. "Баяндаманы кабыл алуу биздин тоскоолдуктарсыз кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө болгон умтулуубузду тастыктайт. Негизги секторлорду либералдаштыруу бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык өз ара иштешүүнү бекемдейт. Азыр рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу үчүн методикалык ыкмаларды макулдашууга көңүл буруу өзгөчө маанилүү", – деп түшүндүрдү Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.
26 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Бүгүнкү күндө транспорт жумушка, билимге, социалдык жашоого жеткиликтин негизги шарты болуп саналат"
Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого транспорт чөйрөсүндөгү интеграциянын таасири "Чоң Евразия аймагындагы туруктуу транспорт: мобилдүүлүк, мультимодалдуулук жана санариптештирүү" сессиясынын башкы темасы болду. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Транспорт жана инфраструктура калктын бардык катмары, анын ичинде алыскы райондордун жашоочулары үчүн адилеттүү баа түзүү менен жеткиликтүү болушу керек", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев. Чыгып сүйлөөлөрдүн жүрүшүндө санариптик технологияларды, инфраструктураны, эл аралык транспорттук коридорлорду, контейнердик жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү деталдуу каралды. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, транспорттогу ашыкча жүктөм маселелери талкууланды. ЕЭК министри белгилегендей, "ЕАЭБ туруктуу транспорт принциптерин ишке ашырууга карай ырааттуу жана динамикалуу жылууда. Бирликтин транзитин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого көңүл бурулган". Дискуссиялык аянтча мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Сессиянын спикерлери Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин, Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Казакстан Республикасынын Транспорт министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин аткаруу комитетинин жетекчилери, Ирандын өкүлдөрү болушту.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун талааларында Мамлекеттик административдик кеңештин Төрагасы, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Мьянманын кызматташуу маселелерин талкуулашты. "Меморандумга кол коюлгандан бери биздин кызматташуубуздун экономикалык күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча оң динамика байкалууда, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – ЕАЭБ мамлекеттеринин Мьянма менен товар жүгүртүүсү 2019-жылдан 2024-жылга чейин үч эседен ашык көбөйүп, 1,5 млрд доллардан ашты". ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, тараптардын бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу өз ара иштешүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Мин Аун Хлайн ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү ЕАЭБ менен Мьянманын диалогуна кошумча импульс берет деген бир пикирге келишти. Бул кызматташтыктын жаңы перспективалуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мьянмалык экспорттун негизги товарлары болуп күрүч, кофе, пальма майы, какао-буурчактары саналат. Мьянмага импортто минералдык жер семирткичтер, керектөө товарлары, машиналар жана жабдуулар, металлдар, тамак-аш майлары, цемент, дары-дармектер басымдуулук кылат.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Биздин милдет – ЕАЭБдеги бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу"
26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар" пленардык отуруму болуп өттү. Иш-чаранын негизги спикерлери Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев болушту. Форумга ардактуу коноктор – Куба Республикасынын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн, Никарагуа Республикасынын Президентинин Беларусь Республикасы менен иштөө боюнча Атайын өкүлү Лауреано Ортега Мурильо катышышты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев форумда Бирликтин ишинин жыйынтыктарын жана интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын сунуштады. "Евразия экономикалык бирлиги түзүлгөндөн бери туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөтүп келет, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. — Он жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү дээрлик 18%га өскөн: 2014-жылы 1,6 трлн доллардан 2024-жылы 2,6 трлн долларга чейин. Дүйнөлүк экономикада Бирликтин үлүшү 4,2%га чейин өскөн. Өз ара товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 100 млрд долларга жеткен. Ошол эле учурда эсептешүүлөрдүн 93% улуттук валютада жүргүзүлүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 86%га өстү. Жумушсуздуктун деңгээли 3%га чейин кыскарды". Интеграциялык бирикменин ишинин маанилүү жыйынтыктарынын катарында ЕЭК Коллегиясынын башчысы эмгек рыногунда либералдаштыруунун жогорку даражасына жетишүүнү, экономиканын 142 секторунда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун аракетин, соодада 100дөн ашык тоскоолдуктарды четтетүүнү, 52 техникалык регламентти кабыл алууну, азык-түлүк менен камсыздоонун 92% деңгээлине жетишүүнү атады. Экономиканын реалдуу секторлорун өнүктүрүү үчүн өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми ишке киргизилди. Экономиканын бардык чөйрөлөрүндө санариптик трансформациянын жогорку темптерин эске алуу менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнүн үстүндө иштер улантылууда. "Бул мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө кызмат кылат. Биздин милдет — бардык процесстерди тезирээк, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Бажы процедураларын санариптештирүү, мисалы, товарларды чыгаруу мөөнөтүн алты эсеге кыскартты", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Он жылдын ичинде эл аралык аренада Евразия экономикалык бирлигинин позициялары кыйла бекемделди. Муну тышкы соода товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 40%га өсүшү далилдеп турат. "Биздин алдыбызда Бирликтин жалпы рыногун негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоо; транспорттук-логистикалык потенциалды жана кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү өбөлгөлөө сыяктуу багыттар боюнча өз ара иштешүүнү улантуу милдеттери турат. Биз интеграциялык кызматташтык тажрыйбасын, улуттук кызыкчылыктарды жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин фундаменталдык негиздерин эске алабыз", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө