Жаңылыктар

27.09.2023 (Обновлено: 02.10.2023 16:22)

ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын башынан тарта 113,6%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын августунда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 113,6%ды, үстүбүздөгү жылдын июлуна салыштырмалуу — 104%ды түзгөн.

ЕАЭБ боюнча 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн бааларынын олуттуу өсүшү (30,9%га) өсүшү белгиленген. Мында кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүүчүлөрдүн баасы 9,7%га өскөн, ишмердүүлүктүн "электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу берүү жана аба кондиционирлөө" түрү боюнча — 7,6%га, ишмердүүлүктүн "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча көзөмөл" түрү боюнча — 6,1%га көбөйгөн.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.