15-сентябрда Россиянын ТИМинин ММЭМИнин спорт комплексинде Евразия экономикалык комиссиясынын III Спартакиадасы болуп өттү.
Спартакиадага Комиссиянын 600дөн ашык кызматкерлери, анын ичинде ЕЭКтин Коллегиясынын мүчөлөрү жана кызмат адамдары катышты. Мелдештер 29 спорттук дисциплина боюнча өттү: футбол, баскетбол, волейбол, шахмат, стол үстүндөгү жана чоң теннис, дартс, бадминтон, сууда сүзүү, армреслинг, бильярд, бадминтон, күч жана чуркоо дисциплиналары ж. б.
Бардык мелдештер тайманбастык жана атаандаштык менен өттү. Катышуучулар 2019, 2022-жылдардагы Спартакиадалардын рекорддорун бир катар дисциплиналар боюнча жаңыртып, спорттук даярдыгынын жогорку деңгээлин көрсөтүштү.
Медалдык зачеттун жыйынтыгы боюнча 2023-жылы ЕЭК Спартакиадасынын Жеңүүчүсүнүн Кубогунун ээси ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын блогунун командасы болду.
28-сентябрда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимирович Мясниковичтин катышуусу менен ЕЭК-2023 Спартакиадасынын алтын медалисттерин сыйлоо аземи болуп өттү.
ЕЭК - 2023 III Спартакиадасынын медалдык зачету |
|||||
№ |
КОМИССИЯНЫН БЛОГУ |
I орун (АЛТЫН) |
II орун (КҮМҮШ) |
III орун (КОЛО) |
БАРДЫК МЕДАЛДАР |
1 |
Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасынын блогу |
17 |
7 |
11 |
35 |
2 |
Энергетика жана инфраструктура боюнча блок |
14 |
16 |
5 |
35 |
3 |
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ боюнча блок |
8 |
9 |
5 |
22 |
4 |
Интеграция жана макроэкономика боюнча блок |
6 |
5 |
5 |
16 |
5 |
Бажылык кызматташтык боюнча блок |
3 |
6 |
1 |
10 |
6 |
Техникалык жөнгө салуу боюнча блок |
3 |
5 |
10 |
18 |
7 |
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блок |
3 |
1 |
5 |
9 |
8 |
Экономика жана каржы саясаты боюнча блок |
2 |
3 |
5 |
10 |
9 |
Соода боюнча блок |
1 |
3 |
7 |
11 |
10 |
Өнөр жай жана АӨК боюнча блок |
1 |
3 |
4 |
8 |