Комиссиянын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин бекитти, бул өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 20-ноябрындагы № 119 чечими менен кабыл алынган жана 2024-жылдын 1-майында күчүнө кирет.
Документ камсыздоо мүнөзүндө жана чакан кемелердин, куткаруучу каражаттардын жана чакан кемелер үчүн жабдуулардын шайкештигин баалоо жөнүндө мурда берилген документтер (классификациялоо жөнүндө күбөлүк, шайкештик сертификаты) алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулаарын караштырат.
Көрсөтүлгөн документтердин аракети күчүндө болгон мезгилде жүгүртүүгө чыгарылган продукцияны, анын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.