Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештиктин (БРШ) башкы директору Алексей Бородин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Эл аралык роумингдеги байланыш кызматтарынын баасын төмөндөтүү боюнча биргелешип иштөөнүн келечеги талкууланды. Максим Ермолович Комиссиянын 2025-жылдын биринчи кварталында Бирлик өлкөлөрүндө бул кызматтарга адилеттүү тарифтерди киргизүүгө багытталган ишмердүүлүгү жөнүндө билдирди.
"Биргелешкен аракеттер менен биз Бирлик өлкөлөрүнүн калкы үчүн ыңгайлуу тарифтерге жетишебиз деп ишенем, – деп баса белгиледи ЕЭК министри, – башкача айтканда, биздин мамлекеттердин аймактарында эл аралык роумингдеги байланыш кызматтары үчүн анын өлчөмү үй тарифине максималдуу жакын болгон төлөмгө жетишебиз".
Тараптар биргелешкен профилдик иш-чараларга катышуунун, электр байланыш тармагында консультацияларды өткөрүүнүн келечегин карашты.
Алексей Бородин ЕЭК жана БРШ диалогундагы жакынкы маанилүү окуялардын бири Ереванда өткөн Евразия экономикалык форумунда 2024-2027-жылдарга өз ара иштешүү боюнча иш-чаралар планына кол коюу болорун белгилеп өттү.
Ушул жылдын июнь айында БРШ жана Евразия экономикалык комиссиясы Өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.