1-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электроэнергетикалык рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитти. Бул ЕАЭБ жөнүндө Келишимде кабыл алуу каралган электр энергиясынын жалпы рыногунун иштөө эрежелеринин топтомундагы жыйынтыктоочу документ.
Көрсөтүлгөн Эрежелер рынок субъекттеринин, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтык өз ара иштешүүсүн регламенттейт, рыноктун иштөөсүнүн алкагында ачыкка чыгарылууга тийиш болгон маалыматтардын курамын аныктайт.
Ошондой эле документ ЕАЭБдин жалпы электроэнергетикалык рыногунда электрондук документ жүгүртүүдө улуттук электрондук санариптик кол тамгаларды колдонуу үчүн укуктук негизди түзөт.