Жаңылыктар

30.09.2024

ЕЭФ-2024тө Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар жаатында кызыкчылыктарын жакындатуу механизмдери талкууланды

III Евразия экономикалык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин төрагалыгы астында "Мамлекеттик сатып алуулар экономикалык интеграциянын фактору катары" тематикалык сессиясы болуп өттү.

Иш-чарада Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар жаатында кызыкчылыктарын жакындатуу механизмдери талкууланды, алар мамлекеттик сатып алуулардын жалпы рыногун түзүүгө түрткү болушу мүмкүн. Бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө байланыштуу сатып алууларды санариптештирүү, ошондой эле заманбап чакырыктар шартында мамлекеттик сатып алуулар аркылуу мүчө мамлекеттерде алардын өндүрүшүн локалдаштырган товар өндүрүүчүлөрдү колдоо маселелери каралды.

Мындай чакырыктардын катарында сессиянын катышуучулары атаандашпаган жол-жоболордун үлүшүнүн өсүшүн аташты: 2023-жылы бир булактан сатып алуулардын үлүшү жалпы сандын 45%ын түзгөн, ал эми алардын наркы 55 миллиард долларга жеткен. Кайталап алып коюуларды киргизүү тенденциясы сакталууда, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү аркылуу, алар чынында, мамлекеттик сатып алуулардын улуттук рыногун жаап жатат. Мындан тышкары, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алуулар процессин максималдуу санариптештирүүгө умтулуусу белгиленди.

Максим Ермолович ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз жетүүгө жетишүү боюнча конкреттүү кадамдарды сунуштады.

"Атап айтканда, товардык рыноктордун алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл болгон чөйрөлөрүн аныктоо зарыл, – деди ЕЭК министри. – Ошондой эле улуттук режимден алып коюулардан үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата чектөөлөргө ырааттуу өтүүнү камсыздоо талап кылынат. Биз "жабык эшиктер" жолунан чыгып, "терезелерди ачуу" жолун тандашыбыз керек. ЭСКны өз ара таануу боюнча бардык жол-жоболорду жана ушул тема менен байланышкан маселелерди аягына чыгаруу керек, бул евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнөн жөнөтүүчүлөрдүн мамлекеттик сатып алууларга жеткилигин камсыз кылат.

Мындан тышкары, Максим Ермоловичтин пикири боюнча, Бирликтин мамлекеттери мамлекеттик маалыматтык тутумда камтылган, кызыкдар жактарды жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтар менен камсыздоого мүмкүндүк берген эл аралык Макулдашуунун үстүндө ишти баштоо керек. Дагы бир маанилүү жагдай - мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу тутумун түзүү болуп саналат.

Сессия пикир алмашуу менен жандуу дискуссия форматында өттү. Мындай формат мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүн жөнгө салууга карата мамилелерде өз ара түшүнүшүүгө, Бирлик өлкөлөрүнүн бизнесинин мүчө мамлекеттердин мамлекеттик сатып алууларына катышуусунун ачыктыгына жана кеңейишине өбөлгө түзөт.