Жаңылыктар

10.04.2025

Наира Карапетян: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кант рыногун туруктуу өнүктүрүү боюнча кошумча чаралардын тизмесин жактырууну пландаштырууда"

Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрү үчүн экономиканын агрардык сектору стратегиялык тармактардын бири болуп саналат жана акыркы беш жылда өндүрүштүн дээрлик 15%га өсүшүн көрсөттү. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян 10-апрелде Москвада өткөн "КМШ өлкөлөрүнүн кант рыногу 2025. Келечекке көз караш" эл аралык конференциясында билдирди.

Ошону менен бирге, ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, жогорку технологиялык өндүрүш каражаттарынын олуттуу көлөмдөрү Бирликке импорттолууда. Бул жагдайды нивелирлөө үчүн Комиссия макулдашылган агроөнөр жай саясатынын алкагында сезимтал айыл чарба товарларынын рынокторун өнүктүрүүнүн комплекстүү баяндамаларынын негизинде мүмкүн болгон биргелешкен чараларды аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгат.

"Комиссия Бирлик мамлекеттеринин кант рыногун туруктуу өнүктүрүү боюнча кошумча чаралардын тизмесин жактырууну пландаштырууда, анда кантты жана кошумча продукцияны терең кайра иштетүү чөйрөсүндө инновациялык иштеп чыгууларды жана технологиялык чечимдерди өздөштүрүү, ошондой эле башка чаралар каралган", – деп маалымдады конференциянын катышуучуларына Наира Карапетян.

Жыл сайын өтүүчү конференцияга салттуу түрдө КМШ өлкөлөрүнүн кант өндүрүүчүлөрү, профилдик мамлекеттик органдар, соода компаниялары жана кантты өнөр жайлык керектөөчүлөр, жер семирткичтерди жана айыл чарба техникасын, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүүчүлөр, кант кызылчасынын үрөнүн жеткирүүчүлөр, банк жана финансы секторунун өкүлдөрү, ошондой эле логистикалык компаниялар катышат.