Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директору Вадим Закревский Казань шаарында болуп өткөн Татарстан энергетика жана энергоресурстардын натыйжалуулугу боюнча эл аралык форумунун алкагында "Энергетикадагы экономикалык-укуктук жөнгө салуу" тегерек столунда билдирди.
ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин энергетикалык потенциалы, энергетикадагы глобалдык чакырыктар, ошондой эле "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү өз ара иштешүүсүнүн принциптери жана энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүүдө өлкөлөр алдына койгон максаттар жөнүндө маалымдады.
"Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүүнүн негизинде жаткан базалык артыкчылыктар – бул туруктуу жеткирүүлөр жана энергоресурстар менен камсыз болуу, аларда ички керектөөлөрдү алгылыктуу баалар боюнча камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү", – деп билдирди Вадим Закревский.
Талкуунун катышуучулары 2023-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электр энергетикалык жана мунай-газ тармактарынын иштешинин негизги көрсөткүчтөрү, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүүнүн жүрүшү менен таанышышты.
Вадим Закревский белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жогорку даярдыкта турат.
Ал ошондой эле энергоресурстардын наркынын чечүүчү маанисин белгилеп өттү, ал ачык-айкын жана басмырлоосуз шарттарда аныкталышы жана мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн атаандаш (бирдей) шарттарды камсыздашы керек, – Бирликтин жалпы газ рыногунун ишке киргизилишинен башкы үмүт мына ушунда турат.
Жалпы рынокторду ишке киргизүү алдыга олуттуу кадам жасоого, эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу негизде кыйла ийкемдүү экономикалык саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, чарбакер субъекттерге эркин (түз) келишимдерди, ошондой эле басмырлоосуз шарттарда биржалык бүтүмдөрдү түзүү менен өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк берет. Энергоресурстардын жалпы рыногу отун-энергетикалык комплекстердин потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт, деп эсептейт Вадим Закревский.