Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 15:05)

Экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн бажы-тарифтик чаралардын үчүнчү топтому жактырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Тараптардын өтө маанилүү импорттун кеңири номенклатурасы боюнча бажы алымдарынын чендерин убактылуу нөлгө түшүрүү жөнүндө жаңы сунуштарын карап чыкты. Талкуунун жыйынтыгы боюнча болжол менен үч жүз позициялар боюнча демилгелер макулдашылды.
"Буга чейин Кеңештин 17-марттагы жана 5-апрелдеги отурумдарынын, ошондой эле Коллегиянын кийинки отурумдарынын жүрүшүндө учурда түзүлгөн, анын ичинде логистикалык чынжырлардын бузулушу менен байланышкан шарттарда социалдык маанилүү тармактарга колдоо көрсөтүүнүн эки топтому жактырылган", - деп эскертти ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Жетишилген макулдашууга ылайык, тараптар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономика секторлорунун керектөөлөрүнө ылайык бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын камтууну кеңейтүү үчүн продукциялардын тизмесин толуктап иштеп чыгууну улантышты.

Министрдин сөзү боюнча, бул жолу алымдарды нөлгө түшүрүү органикалык химиялык кошулмалардын жана органикалык эмес химия өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүнө, машиналар, жабдуулар жана механизмдер үчүн бөлүктөрдүн айрым түрлөрүнө, буурчак өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүнө жана кагаз менен картондун айрым түрлөрүнө таасирин тийгизет.

ЕЭК Коллегиясынын компетенциясына кирген бир катар товардык позициялар боюнча чечим Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасы боюнча жакынкы убакытта кабыл алынмакчы. Чечимдер 2022-жылдын 28-мартынан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.