2022-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикаларын монетизациялоо (М2 акча агрегатынын ИДӨгө карата катышы) Арменияда 33%ды, Беларуста – 16%ды, Казакстанда – 27%ды, Кыргызстанда – 36%ды жана Россияда – 54%ды түзгөн.
Юридикалык жактарды насыялоонун көлөмү 2022-жылдын ичинде 45,5%га өскөн, мында улуттук валютада насыялоо 70,7%га көбөйгөн, ал эми чет өлкөлүк валютада насыялоо 38,9%га кыскарган.
Жеке жактар тарабынан депозиттерге жайгаштырылган каражаттар 30,5%га көбөйүп, ал эми юридикалык жактар депозиттерин 2022-жылдын аягына карата 25,1%га көбөйтүшкөн.
Жеке адамдарга улуттук валютада узак мөөнөттүү насыялар боюнча максималдуу чен 2022-жылдын II кварталында Кыргызстанда – 24,3%, минималдуу чен – 2022-жылдын IV кварталда Беларуста жана I кварталында Россияда катталган - 11,4%.
Юридикалык жактарга улуттук валютада узак мөөнөттүү насыялар боюнча максималдуу чен 2022 – жылдын IV кварталында Казакстанда – 20,4%, ал эми минималдуу чен - 2022- жылдын IV кварталында Россияда белгиленген - 8,8%.
Ушул жана башка маалыматтар менен Статистика департаментинин "Акча жүгүртүмү жана насыялоо. Евразия экономикалык бирлигинин статистикасы. 2022-жыл" статистикалык бюллетенинен тааныша аласыздар.