Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Муну менен Бирликте бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө карата маанилүү кадам жасалды.
Келишим баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар) менен эмиссиялык жана соода операцияларынын эркиндигин, биржалык рыноктордун ликвиддүүлүгүнүн өсүшү үчүн шарттарды, соода жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөнү камсыз кылууга багытталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, Макулдашуунун предмети болуп баалуу кагаздардын чек ара аралык уруксатын камсыздоо, алардын чыгарылышын өз ара таануу жана Бирлик өлкөлөрүнүн биржаларына уруксат берүү боюнча жол-жоболорду шайкеш келтирүү эсептелет.
"Баалуу кагаздардын чек ара аралык уруксатынын айырмалоочу өзгөчөлүгү, жайгаштырууга, анын ичинде параллель (бир эле учурда бир нече биржаларда) жана ЕАЭБдин бир мамлекетинде өткөрүлгөн уюштурулган тооруктарда жүгүртүүгө башка катышуучу-өлкөнүн эмитенттеринин баалуу кагаздарына уруксат берилиши болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Биржа бир катар шарттар сакталган учурда баалуу кагаздарга чек ара аралык уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Биринчи кезекте баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо эмитент катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Мындан тышкары, баалуу кагаздарды чыгаруу бул өлкөнүн биржасында жогорку категориядагы тизмеге киргизилиши керек. Жогорку категориядагы котировкалардын тизмесине биржа тарабынан уюштурулган тооруктарда жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү үчүн белгиленген эң катуу талаптарга жооп берген баалуу кагаздар гана кирет.
ЕЭК министри билдиргендей, Макулдашуу баалуу кагаздардын жалпы уюшулган рыногун түзүү үчүн негиз түзөт. Ошону менен бирге баалуу кагаздардын эмиссияларын өз ара таануу ЕАЭБ мамлекеттеринин биржаларында ликвиддүүлүктү жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу бирдиктүү спецификация боюнча каалаган биржалык аянтчада жүргүзүлөт, бул эмиссияны каттоого жана эмиссия жөнүндө отчетко жөнгө салуучу чыгымдарды олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет.
"Макулдашууну жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы капиталдын эркин кыймылы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, инвестициялык жигердүүлүктү жогорулатуу, баалуу кагаздар менен биржалык соода көлөмдөрүн көбөйтүү жана Бирлик мамлекеттеринин каржылык рынокторун өнүктүрүү болмокчу", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов.
Кол коюлган Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.