2023-жылдын январь-июлунда Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай продукциясын өндүрүү 2022-жылдын январь-июлундагы деңгээлге карата 102,8%ды түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн Беларуста – 7,1%га, Казакстанда – 3,6%га, Россияда – 2,6%га, Арменияда – 0,5%га өсүшү; Кыргызстанда – 1,8%га төмөндөө байкалган.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.