Жаңылыктар

13.04.2022 (Обновлено: 29.04.2022 14:11)

Тракторлордун жана чиркегичтердин ЕАЭБ техрегламентине шайкеш келүүсү боюнча мурда берилген документтерди өзгөртүүгө туура келбейт

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Бажы бирлигинин 2022-жылдын 18-майында күчүнө кире турган "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөр кандайча иштей баштаарын белгилешти.

Кабыл алынган чечимге ылайык, өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген же кабыл алынган, тракторлордун, чиркегичтердин жана алардын компоненттеринин техрегламенттин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө сертификаттар жана декларациялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Бул өндүрүүчүлөргө мындай документтерди колдонуунун мөөнөтүнүн аралыгында продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга мүмкүндүк берет.