Жаңылыктар

18.10.2022

Сакен Сламбеков ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Сакен Талгатбекович Сламбеков 1981-жылы 12-октябрда Казакстан Республикасынын Туркестан облусунун Шамшы айылында туулган.

М.Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан мамлекеттик университетин 2022-жылы аяктаган, адистиги – бажы иштери, 2007-жылы – Е.А.Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университети, адистиги – юриспруденция.

Буга чейин Казакстан Республикасынын ведомстволорунда – Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинде, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Канцеляриясында, Казакстан Республикасынын айыл чарбасы министрлигинде түрдүү кызматтарда иштеген. 

Бир катар ведомстволук сыйлыктарга ээ. Англисче сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.