Дүйнөлүк тартиптин өзгөрүп жаткан шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ЕЭК министри Сергей Глазьев 8-июнда XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн "Көп борбордуулук колонияларсыз жана гегемондорсуз дүйнөнүн келечегинин ченеми катары" сессиясында айтып берди.
ЕЭК министри кийинки 40-50 жыл аралыгында дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн жүрүшүн аныктай турган дүйнөлүк экономикалык интегралдык тартип күчүнө кирээри жөнүндө айтып берди.
"Түштүк-Чыгыш Азияда бардык башка региондор жана өлкөлөр үчүн абдан жагымдуу болгон тартип түзүлгөн. Мисалы, "Бир алкак – бир жол" кытай демилгесине дүйнөнүн 2/3 өлкөсү кошулган жана бул өз ара аракеттенүү биздин көз алдыбызда бекемделип жана кеңейүүдө", – деп белгиледи Сергей Глазьев.Ошондой эле ЕЭК министри баса белгилегендей, ЕАЭБ Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн принциптерине ылайык өнүгүп жатат жана алар жаңы интегралдык дүйнөлүк чарбалык тартиптин багыттарына ылайык келет.
"Өз ара пайдалуулук, ыктыярдуулук, улуттук эгемендүүлүктү урматтоо, ачык-айкындуулук жана конкреттүү артыкчылыктардын айкалышы интеграциянын жаңы түрүнүн ажырагыс принциптери болуп саналат. ЕАЭБдин "Бир алкак – бир жол" демилгеси менен айкалышуусу жаңы дүйнөлүк чарбалык тартиптин өзөгүн түзөт", – деди ЕЭК министри.Чыгып сүйлөөнүн жүрүшүндө Сергей Глазьев дүйнөлүк экономиканын турбуленттүүлүгүнүн жана геоэкономикалык жылыштардын шарттарында ЕАЭБдин потенциалын чагылдырган ЕАЭБ экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасады.