Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Красноярск шаарында өткөн XI Россия-Кыргызстан региондор аралык конференциясынын пленардык сессиясына катышты.
Иш-чарага жыл сайын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн региондорунун башчылары, ишкерлер, бизнести өнүктүрүү жана колдоо институттарынын өкүлдөрү катышат. Быйылкы конференция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жетекчилиги астында өттү.
Сергей Глазьев белгилегендей, "региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү Стратегия-2025тин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар кайсы аймактарында ондон ашык көздөшүү форматындагы иш-чараларды, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана аймактык бийликтер үчүн вебинарларды өткөрдү, ЕЭК сайтында атайын портал ишке киргизилди".
Конференциянын алкагында Комиссия "ЕАЭБ мейкиндигинде региондор аралык кызматташтык" панелдик сессиясын уюштурган, анын модераторлору Сергей Глазьев жана ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары Каныбек Ажекбаров болушту. Сессияда Комиссия тарабынан Бирликте региондор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн ишке ашырылып жаткан чаралардын жана иш-чаралардын сереби көрсөтүлдү; каржылар, инвестициялар, тышкы экономикалык ишмердүүлүк, транспорттук-логистикалык чөйрөдө аймактар аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.
ЕЭК сессиясына катышкан Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач ЕАЭБдеги региондор аралык кызматташтык боюнча портал жөнүндө айтып берди. Анын сөзү боюнча, Комиссия тарабынан түзүлгөн ресурс ар бир экономикалык субъектке товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, потенциалдуу жана иштеп жаткан инвестициялык долбоорлор, бизнес-иш-чаралар, инвесторлор үчүн региондук преференциялар (жеңилдиктер) жөнүндө, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, региондор ортосунда кооперацияны жана соода-экономикалык кызматташтыкты өбөлгөлөө үчүн Бирликтин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты акысыз негизде жарыялоого мүмкүндүк берет.
Красноярск крайы менен Кыргызстандын региондорунун ортосундагы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, анын ичинде Красноярск жана Тамчы (Ысык-Көл) ортосунда түз авиакаттамдарды жөнгө салуу зарылдыгы белгиленди, бул тактап айтканда, бул региондордун туризм боюнча потенциалын ачууга жардам берет.
ЕЭК делегациясы ошондой эле "Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын чакан жана орто бизнесинин субъекттери үчүн кооперациялык мүмкүнчүлүктөр" бизнес-сессиясына катышып, анын алкагында ишкердик коомдоштукту кызыктырган суроолорго жооп берди.