Жаңылыктар

01.11.2016

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын “Ишкер Евразия” аналитикалык ресурсуна Евразия экономикалык биримдигин жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө интервьюсу: “Евразия интеграциясы каатчылыкты жеңилдетип, тышкы таасирлерди нивелирледи”

ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти.​ ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти. – Тигран Суренович, жолугушууга келгендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Февраль айында Сиз Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасынын кызмат ордуна келдиңиз. Евразия экономикалык биримдиги бир жарым жылдан бери иштеп келүүдө. Албетте бул чоң мөөнөт эмес, бирок жыйынтыгын чыгарууга болот. Сиздин пикириңизче булардын кайсынысы маанилүү. - эң оболу, бул мезгил ичинде Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттери менен биргеликте башкы максатка -калктын жашоо турмушун жогорулатуу максатында мүчө мамлекеттердин экономикаларын туруктуу өнүктүрүү шарттарын камсыз кылуу үчүн бардык аракетин жумшады. 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигинин түзүлүшү менен бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногу иштей баштаган. учурда ага 43 сектор кирет, булар чогуу алганда ар бир мүчө мамлекеттердин ИДӨсүнүн 25 пайызынан көбүрөөгүн түзөт. Дагы 21 секторду либералдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун алкагында аларды сунушточуларга максималдуу эркиндик сунушталган. Өткөн жылы ЕАЭБда дагы бир эмгек рыногу иштей баштады. Андан улам Биримдик мамлекетинин жашоочулары кайсы өлкөдө болбосун жумушка орношуу жагынан бирдей укукка ээ болушат жана киреше салыгын резиденттер сыяктуу төлөшөт. Алар Биримдик бардык өлкөлөрүндө социалдык камсыздандырууга жана медициналык камсыздоого укук алышты. ЕАЭБ жөнүндө келишим көптөгөн адистиктер боюнча жумушка орношуу максатында, дипломдорду өз ара таанууну камсыздайт. Бул жогорку квалификациялуу адистердин ыкчамдыгын олуттуу түрдө жогорулатат. Бул жылы өлкөлөр бирдиктүү пенсиялык мыйзамды кабыл алууга киришти. Пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары Биримдиктин кайсы өлкөсүндө   иштеген мезгили үчүн пенсияны ала алышат. Биз дары жана медицина буюмдарынын жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн зарыл болгон заманбап, эл аралык  талаптарга жооп берген ондогон ченемдик актыларды иштеп чыктык. булар жылдын акырында толук кандуу иштей баштайт деген үмүттөбүз. Мынданы тышкары, жалпы электрэнергетикалык рынокту, мунай рыногун, мунай азытары жана газ рынокторун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. – 2016-жылы советтик мейкиндикте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги чоң биримдигинин түзүлүшүнө 25 жылдыгын белгилейт. Албетте, экономикалыкка караганда, саясий формация болуп саналат. Политологдор Шериктештик институт катары түзүлө алган жок деп белгилешкен. Мунун себеби КМШ өлкөлөрүндө саясий системалардын ар тараптуулугу1 ЕАЭБны да ушундай келечек күтүшү мүкүнбү, сиздин оюңуз. Мен КМШга мындай баа бербейт элем Бул биринчиден Экинчиден, Евразия биримдиги - бул эң оболу Биримдикке катышуучу өлкөлөрдүн өз ара экономикалык кызыкчылыгынын негизинде түзүлгөн экономикалык формация Ошондуктан талкуу предмети болуп биз үчүн эң оболу экономикага тишелүү маселелер болмокчу  Ал эми бул жерде барынын кызыкчылыгы бирдей - калктын жашоо деңгээлинин жогору болушу жана чың экономика Мында накта  экономикалык маселелерди чечүү үчүн саясий чечимдер зарыл экенин түшүнүү зарыл. Бирок биз экономикага саясат менен жолтоо болбошубуз зарыл. Түпкүлүгүндө келип, Евразия биримдиги түптөлгөн жок деген далилди көргөн жокмун - Кыргызстан бул жылы Евразия экономикалык биримдигине киришинин биринчи жылдыгын белгилейт. Саммитте мамлекет башчылары Сочиде биздин өлкөлөрдүн өнүгүү натыйжалары жогору деп баалашты. Бул эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрүп бериңизчи - Бул эң оболу, биздин жасап жаткан аракеттерибиз чындап эле реалдуу натыйжа берип жаткандыгына байланыштуу Бир нече мисал келтире кетейин Бажы чек араларынын ачылышы  Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн рынокторуна товарларды жеткирүүнүн убактысын кыйла кыскартту Бул өндүрүүчүлөргө продукциянын экспортун өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берди Мүчө мамлекеттерде катталган,  транспорт каражаттарын бажылык декларациялоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби ЕАЭБте мыйзамдуу түрдө бекитилгени жана ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатканы да өз ролун ойноодо. ЕАЭБ Кыргызстандын соода жана агроөнөр жай комплекси тармактары өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. ЕЭК маалыматы боюнча, 2016-жылдын январь-июнунда 2015-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 2,9%га өскөн Калктын көпчүлүгү эң оболу бул натыйжаларды кийинчерээк сезишет азырынча аны экономисттер,  евразия жетекчилери жана ишкерлер гана көрө алышууда Кыргызстандын катардагы жарандары ЕАЭБда интеграциянын алгылыктуу натыйжаларын сезишпейт деген пикирге кошулбайм Жаңы шарттар Биримдик өлкөлөрүнүн аймагында кыргызстандык мигранттардын укуктук статусун принципиалдуу өзгөрттү. Эми республиканын жарандары башка мүчө мамлекеттердин резиденттери менен катар жумушка орношууда бирдей укуктарга ээ болот: жумуш берүүчү менен келишим түзүүдө квота жок. Кошумча уруксат берүүчү документтерди алуунун кереги жок. Мисалы, Россияда республиканын жарандары орус тили боюнча, Россия Федерациясынын тарыхы жана укуктук түзүмүнүн негиздери боюнча экзамен беришпейт. Биримдик өлкөлөрүнө жумуш издеп келген Кыргызстан жарандары 30 күн ичинде мамлекеттик органдарда катталуу милдетинен бошотулушат. Алар эмгек келишиминин колдонуудагы мөөнөтүнө каттоого туруусу гана зарыл Демек, өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай мезгил-мезгили менен жумуш берүү өлкөсүнөн чыгып жана кайра кирүү зарылчылыгы жок. Азыр кыргызстандык эмгекчилер Россияда иштеп баштаган биринчи күндөн тарта, киреше салыгын резиденттер сыяктуу эле бирдей ченде төлөшөт: 30 пайыздын ордуна 13 пайыз Эмгекчилердин балдары жумуш берүү мамлекетинин мыйзамына ылайык, мектепке чейинки мекемелерге барууга жана билим алууга укуктуу.  Жакын арада ишке киргизиле турган интеграциялык долбоорлордон да Кыргыз Республикасы оң экономикалык натыйжаларды алмакчы. Маселен, быйыл ЕАЭБ Бажы кодекси кабыл алынуусу пландаштырылат. Ишкерлер эрежелердин бирдиктүү жыйындысына ээ болушат. Документте бизнестин ресурстарын бир кыйла үнөмдөй турган бир катар жаңылыктар камтылат, - бажы формалдуулуктары жөнөкөйлөтүлөт, бажы процедураларынан өтүү убактысы кыскарат, кызматкерлер менен сүйлөшүү минималдаштырылган, демек, ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес-климат жакшырат. – Кыргызстан интеграция боюнча өнөктөштөрдүн сөзү боюнча алардын күтүүлөрүн актады Бирок ошол эле учурда биздин өлкөдө дагы бир далай көйгөйлөр орун алууда Скептиктердин сөзү боюнча бул ЕАЭБга кошулууга байланыштуу болгон Бул айыл чарба продукттарынын транзити, тигүү тармагынын жумушчу күчүнүн кетиши, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кысым көрсөтүлүшү Сиздин оюңуз боюнча бул мезгил канчага уланмакчы - Чындыгында скептиктер менен талашууга болбойт Ал эми көйгөйлөр боюнча айтсау алар Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө кездешет Ал тургай бүткүл дүйнө жүзүндө Бул дүйнөлүк  экономикадагы процесстерге жана тенденцияларга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айрым макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы белгиленүүдө. Мисалы биринчи жарым жылдык ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү 2,7 пайызга көбөйсө, жүк ташуу 1,2 пайызга өскөн Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек рыногу ЮБиримдик боюнча 5,7% чейин  жумушсуздук менен мүнөздөлгөн, бул ЕС көрсөткүчүнөн (9,4%)  жана АКШ көрсөткүчүнөн (5,3%) жакшыраак. Негизинен бул интеграция Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө экономикалык каатчылыкты жеңилдетти, алгылыксыз тышкы конъюнктураны жана дүйнөлүк экономиканын тышкы таасирлерин нивелирледи – Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын командасы евразия интеграциясынын алкагында өлкөнү өнүктүрүү үчүн жана ЕАЭБнын өнүгүүсү үчүн биздин өлкөнүн салымы үчүн көптү жасашты ЕЭКте Кыргызстанды эки министр - бажы кызматташытыгы, энергетика жана инфраструктура боюнча көрүүгө болот Айтсаңыз, бул позициялар Кыргызстандын министрлерине биздин өлкөлөрдүн улуттук экономикасынын өзгөчөлүгүнөн улам бекитилгенби - Евразия экономикалык комиссиясынын негизги кызматтарына дайындалышы өкмөттөрдүн сунуштарын эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы макулдашуу боюнча ишке ашат Комиссияга Кыргызстандын атынан катышкан министрлер негизги позицияларды ээлешет: Адамкул Жунусов  энергетика жана  инфраструктура чөйрөсүнүн ишин тескейт, Мукай Кадыркулов – бажы кызматташтыгын – Кыргызстандын ЕАЭБга кошулуусу мезгилинде ЕАЭБ өлкөлөрүн продукцияны өндүрүү боюнча адистештирүү маселеси талкууланган. Эксперттер белгилегендей, экономиканы унификациялоо эмес, анын тар багыттары пайда алып келет мисалы Кыргызстанга тигүү өндүрүшүнө жана туризмге көңүл буруу сунушталган Сиздин оюңузча, келечектеги рыноктордун калыптынышы канчалык деңгээлде реалдуу, анткени ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык өнүгүү ар башка деңгээлде эмеспи? Экономика чындыгында эле бирдей эмес, бирок бул ар бир өлкөдө тармактардын кайсы биринин өнүгүшүнө жолтоо болбойт ЕАЭБга жок дегенде жайгашкан жерине же колдо болгон ресурсуна жараша белгилүү бир деңгээлде адистештирилүү зарыл. Бир да өлкө мейли өң чоң же өнүккөн болсун бардый чөйрө боюнча бир эле учурда атаандашууга жөндөмдүү боло албайт. анткени унификациялоонун жемиштүүлүгү аз Эгерде бардык союздаш өлкөлөрдө бир эел продукция өндүрүлқ берсе, өз ара сооданын көлөмүн кантип көбөйтүүгө болот? Мында негизги тамак аш азыктары туралуу сөз болуп жатан жок - Биримдик өлкөлөрүнүн ар бири өзүнүн азык түлүк коопсуздугу тууралуу ойлонот. ЕАЭБ өлкөлөрү эң оболу кыйла алдыңкы инновациялык тармактарды, ири материалдык сарптолорду жана материалдык чыгымдарды талап кылган санарип технологияларды өнүктүрүүдө өз ара атаандашпоолору тийиш. мына ушунда күч аракеттерди бириктирүү зарыл. Менин оюмча, Биримдиктин өлкөлөрүндө үчүнчү өлкөлөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен атаандаша ала турган жана глобалдуу дүйнөлүк рынокто өз ордун ээлей турган кубаттуу заманбап кластерлерди, тармактарды жана ишканаларды Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн жардамы менен ар бир өлкөдө түзүү туура болот. – Тигран Суренович, евразия интеграциясын көбүнчө СССди кайра жаратуу аракети катары көрүшөт. Өзүнүн 25 жылдык көз карандысыздык тарыхында Биримдиктин ар бир мүчө мамлекети өз жолун басып өтүштү жана өз жашоосун калыптандырышты. ошондой болсо да экономикалыктан кийин бирдиктүү мамлекетке бириктире турган саясий интеграция башталбайбы? Евразия экономикалык биримдиги неоимпериялык долбоор эмес экенини түшүнүү зарыл. Бул үчүн сөзсүз жаза алууга тийиш. Биримдиктин ар бир өлкөсү советтик мезгилден кийин өз жолун басып өткөндүгү тууралуу тезис күмөн саноого өбөлгө түзүүдө. Алардын ар бири мындан ары да өзүнүн саясий жолу менен кетүүгө тийиш болот.  Ошол эле учурда Евразия экономикалык биримдининин мүчқсү болуу менен Сөз экономикалык интеграция тууралуу болууда. – Айрым окумуштуулар өз учурунда максатуу евразиялык мамлекеттин түзүлгөндүгү тууралуу жазышкан. Ушуга байланыштуу, сиздер евразия интеграциясынын келечегин кандайча көрөсүздө деп сурагым келет. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграция боюнча негизги маселелер  ЕАЭЮБ жөнүндө келишимде 2015-жылдын январынан тарта жөнгө салынат Бул документте Биримдиктин үч негизги максаты белгиленген: калктын жашоо турмушун жогорулатуу максатында, мүчө мамлекеттердин экономикаларын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; товарлардын , кызматтардын жана жумушчу күчүнүн бирдиктүү рыногун түзүү жана өнүктүрүү; улуттук экономикаларды ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу. 2019-жылга карата ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, жалпы электрэнергетикалык рынок, 2025-жылга карата газ, мунай жана мунайазыктары рыногу ишке киргизилет. Мындан тышкары, 2025-жылга карата евразия мейкининде жалпы финансы рыногу түзүлмөкчү. Биримдиктеги интеграция бардык багыттар боюнча бекемделүүдө мында Кыргызстандын ролу жогору деп эсептөөгө болот. Бул роль тең укуктуу өнөктүн ролу. – Акыркы суроо. Армения менен Кыргызстан 2016-жылы белгилей турган көз карандысыздыктын 25 жылдыгынын урматына сиз бул эки евразия мамлекеттери үчүн эмнени кааламакчысыз? 25 жыл мурун көз карандысыздыкты Армения менен Кыргызстан гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрү - Беларусь менен Казакстан да алышкан. Россия да түп тамыры менен өзгөргөн мамлекеттик артыкчылыктары жана милдеттери менен жаңы өлкө болуп калды. Биздин өлкөлөрдүн ар бири үчүн көз карандысыздыктын чейрек кылымы - чоң майрам Биздин эң мыкты, эмгекчил, таланттуу калкыбызга гүлдөп өнүгүүнү каалап кетким келет.