Евразия экономикалык бирлигинин айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2022-жылдын октябрында сентябрга салыштырмалуу 99,4%ды, ал эми 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу – 100,4%ды түздү.
2021-жылдын декабрына салыштырмалуу баалардын өсүүсү Беларуста (23,1%га) жана Казакстанда (9,3%га) байкалды. Ошол эле учурда, баалардын төмөндөөсү Арменияда (16,4%га), Кыргызстанда (6,6%га) жана Россияда (2,8%га) белгиленди
Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.