Жаңылыктар

24.04.2024

2023-жылы ЕАЭБдин көпчүлүк мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасы өскөн

Арменияда жана Казакстанда, мисалы, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүгүртүү интеграция башталгандан берки ушул сыяктуу мезгилдерге салыштырмалуу максималдуу көрсөткүчтөргө жеткен (тиешелүүлүгүнө жараша 28 жана 162 миллиард АКШ доллары).

2023-жылы күндөлүк операциялардын эсебинин оң сальдосу Россияда гана байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Тышкы сектордун статистикасы" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.