Жаңылыктар

19.05.2022

ЕАЭБде медициналык буюмдарды каттоо эрежелери актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Медициналык буюмдарды каттоо, алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Медициналык буюмдардын жүгүртүлүшү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынышы мүмкүн болгон бөтөнчө учурларды кеңейтүү каралган. Чечим убактылуу мүнөздө кабыл алынды.

Бул өзгөчө кырдаалдар шарттарында, анын ичинде ЕАЭБдин жок дегенде бир мамлекетине карата чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.