Жаңылыктар

01.03.2024

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту түзүүгө карата мамилелер өркүндөтүлүүдө

Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту чогултуунун жана түзүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде аны жыйноо жана түзүү боюнча методикалык сунуштамаларды кабыл алуу маселесин Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Жанар Адикованын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде карап чыгышты.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө II Чоң протоколду ратификациялоо аяктагандыгына байланыштуу, 2024-жылдан тартып ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту түзүү милдеттүү болуп калат.

2015-2023-жылдар аралыгында мындай отчеттуулукту түзүү сунуштама мүнөзүндө болгон. Евразия экономикалык комиссиясынын порталында "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулары" (отчеттуулук көрсөткүчтөрүнүн талдоо) ар жылдык серептери жайгаштырылган.

25 көрсөткүч аныкталды, анын ичинде, мисалы, сатып алуулардын жол-жоболорунун саны, сатып алуулардын ыкмалары боюнча берилген, анын ичинде электрондук өтүнмөлөр жана түзүлгөн келишимдер, каржылоо булактары, сатып алуу ыкмалары, товарлар чыгарылган өлкө, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана жеткирүүчүлөр катталган өлкө боюнча түзүлгөн келишимдердин наркы. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана алардын чыккан өлкөсү боюнча отчеттуулук биринчи жолу киргизилүүдө.

Маалымат

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 31-мартында кол коюлган протокол менен Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 25 келишимдин 29-пунктуна ЕАЭБ мүчө мамлекеттери сатып алуулардын маалыматтык ачыктыгын жана айкындыгын, анын ичинде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө, анын ичинде Комиссия тарабынан бекитилген көрсөткүчтөр жана форматтар боюнча маалыматтарды (отчеттуулукту) түзүү аркылуу камсыз кыла тургандыгы жөнүндө өзгөртүүлөр каралган.

Отчеттуулуктун көрсөткүчтөрү жана форматтары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 179 чечими менен бекитилген (көрсөткүчтөрдүн тизмегинин 27-бөлүмү, F27.01.01 жана F27.01.04, F27.02.01 жана F27.02.04 форматтар).

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 26 сунуштамасы.