Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 11-мартта Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө эл аралык жүк автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Жумушчу топтун курамына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт, санариптештирүү, салык жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун, илимий уюмдардын жана тармактык бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
Эксперттик аянтчанын жетекчиси болуп ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев аныкталды.
"Бүгүн биз автомобилдик транспорт чөйрөсүндөгү юридикалык жактан маанилүү электрондук документ жүгүртүүгө өтүүгө карай дагы бир кадам жасадык. Жумушчу топ ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин аныктайт, ошондой эле аны ишке ашыруунун практикалык маселелерин иштеп чыгат", — деп белгиледи ЕЭК министри.
Долбоордун негизги максаты — санариптик кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тараптын" механизмдерин колдонуу менен ар кайсы мамлекеттердин субъекттеринин ортосунда электрондук документтерди чек ара аралык алмашуунун технологиясын практикалык иштеп чыгууну камсыздоо.
Пилоттук долбоор транспорттук документтерди алуу жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун ишке ашырууда чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.
Жумушчу топтун отурумун 2025-жылдын II кварталында өткөрүү пландалууда.