Бажы органдары тарабынан ыйгарым укуктуу экономикалык оператор (ЫЭО) койгон пломбаларды идентификациялоо каражаттары катары таануу сыяктуу жөнөкөйлөтүүнү колдонуу тажрыйбасы, Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Нурлан Байназаров жетектеген ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча консультативдик комитеттин алдындагы жумушчу топтун кезектеги отурумунун жүрүшүндө талкууланды.
2020-жылы Комиссия транспорт каражаттарынын жүк жайгаштыруу жайларына (отсектерине) ЫЭО тарабынан коюлган жана бажы органдары тарабынан идентификациялоо каражаттары катары таанылган пломбаларга карата талаптарды белгилеген чечим кабыл алган.
Бул маселе боюнча түзүлгөн укук колдонуу тажрыйбасынын алгачкы жыйынтыктарын жана макроэкономикалык туруксуздук шарттарында операторлор үчүн келечектүү жөнөкөйлөтүүнү иш жүзүндө ишке ашыруунун мүмкүн болгон варианттарын жумушчу топтун эксперттери козгошту.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ЫЭО товарларын эсепке алуу тутумуна карата типтүү талаптардын долбоорун талкуулоо улантылды.
"Товарларды эсепке алуу тутуму – бажыдан кийинки контролдун келечектүү багыты жана биз бул инструментти ТЭИнин ак ниеттүү катышуучуларына карата ишке ашырууга аракет кылып жатабыз", – деп белгиледи Нурлан Байназаров.
Маалымат
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту – бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор – бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы.
ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.