Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен жолугушту.
Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салуунун ЕАЭБ бажы транзитинин бирдиктүү тутумун киргизүү, бажы чек араларынан өтүүнү жөнөкөйлөтүү, өткөрмө пункттарын орнотууда перспективалуу технологияларды колдонуу, электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу, ошондой эле бажы маалыматтары менен алмашуу сыяктуу актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар Бирликтин бардык аймагында бирдиктүү бажылык башкарууну камсыз кылуу үчүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш сапардын жүрүшүндө Руслан Давыдов ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына барып, бажы органдарынын "Смарт Бажы" жаңы маалыматтык тутумун киргизүү процесси менен таанышты. Комиссиянын бажы блогунун башчысы кесиптештери менен мурдагы жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле мындан аркы иштердин пландарын талкуулады.