Жаңылыктар

06.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 15:50)

ЕАЭБдин магистралдык куурларга техникалык регламенти күчүнө кирди

Евразия экономикалык бирлигинин "Суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптар жөнүндө" техникалык регламенти 2021-жылдын 1-июлунда күчүнө кирди.

Документ ЕЭК Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 23-декабрында кабыл алынган. Документ долбоорлоодо (анын ичинде инженердик изилдөөлөрдө), курууда (реконструкциялоодо), пайдаланууда (кабыл алууда жана пайдаланууга киргизүүдө, консервациялоодо), утилдештирүүдө (жок кылууда) колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналган, суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптарды, ошондой эле алардын шайкештигин баалоо эрежелерин аныктайт.

Техникалык регламентте магистралдык куурду өз ара байланышкан объектилерден жана курулмалардан турган жана суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн арналган бирдиктүү өндүрүштүк-технологиялык комплекс катары каралат.

Техникалык регламенттин талаптары төмөнкү объектилерге жайылтылбайт: техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин пайдаланууга киргизилген объектилерге; техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин бекитилген же мамлекеттик экспертизага жиберилген долбоордук документацияга ылайык курулуп (реконструкцияланып) жаткан объектилерге; аларды курууга (реконструкциялоого) уруксат техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин берилген объектилерге.

Магистралдык куурларга коюлуучу милдеттүү талаптар Бирликтин мамлекеттеринин учурдагы ченемдик документтеринин талаптарына негизделген, ошондой эле эл аралык техникалык жөнгө салуу тутумдарынын актыларына талдоону эске алат.

ЕЭК Коллегиясынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 39 чечими менен 2023-жылдын 1-июлунан тарта техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куур объектилерине карата долбоордук документацияны иштеп чыгууга, бекитүүгө жана мамлекеттик экспертизалоого жол берилбешин караштырган өткөөл жоболор белгиленген.

Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин иштелип чыккан, бекитилген жана мамлекеттик экспертизалоо жол-жобосунан өткөн долбоордук документацияны кайра жол-жоболоштуруу талап кылынбайт.