3-4-апрелде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жарандык авиация тармагында өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча иштин алкагында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Беларус мамлекеттик авиация академиясынын жана Армениянын политехникалык университетинин жана Армениянын Еревандагы Авиа-окутуу борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземине катышты.
Тараптар биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, тажрыйба алмашуу, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн алкагында биргелешкен билим берүү программаларын уюштуруу, ошондой эле аспирантурада жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, аба транспортунун жана анын инфраструктурасынын ишинде инновацияларды пайдаланууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, авиациялык персоналдын квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты.
"Макулдашууларга кол коюу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Армения менен Беларустун билим берүү уюмдарынын ортосунда практикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн баштапкы чекит болуп калмакчы. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн экономикасынын реалдуу сектору жаш адистерге өтө муктаж. Авиа куруу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо – биринчи кезектеги милдет", – деп баса белгиледи Артак Камалян.
Жумушчу сапардын алкагында делегация ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин кызыкдар өнөр жай ишканаларынын бирдиктүү тизмегине кирген, жарандык авиация тармагында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр болгон "Эчмиадзин прибор куруу заводу" ЖАКда болушту. Ишкананын жетекчилиги менен авиациялык компоненттерди өндүрүү жана кадрларды даярдоо жаатында евразиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Маалымат
Бирлик мамлекеттеринде жарандык авиация жаатында академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселесин изилдөө, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитилген 2022-2023-жылдары аталган тармакта өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасына ылайык жүргүзүлүүдө.