ЕАЭБде 2023-жылдын 9 айында өз ара инвестициялар 2,2 эсе өскөн
01.04.2024
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде өз ара түз инвестициялар 2023-жылдын 9 айында 2022-жылдын жылдык көлөмүнүн 169% түзгөн. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өз ара инвестициялардын агымы 2,2 эсеге өскөн.
ЕАЭБдеги өз ара түз инвестициялардын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбү Казакстанга туура келген (53%).
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Тышкы сектордун статистикасы" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.