Жаңылыктар

11.03.2021

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп Константин Бегиджанов дайындалды

Константин Григорьевич Бегиджанов 1988-жылы 30-сентябрда Ереванда туулган.

2009-жылы Россия-Армения (Славян) университетин, 2018-жылы Армениянын Улуттук Политехникалык университетин бүтүргөн. Экономиканын магистри болуп саналат. Англис тилинде эркин сүйлөйт.

2008-2020-жылдары Еревандагы коммерциялык ишканаларда ар кандай кызматтарда, анын ичинде "Прогресстех-Армения" ЖЧКсынын жана "Миннова.АМ" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.

2020-жылдын мартынан 2021-жылдын мартына чейин Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсүнүн жардамчысы (министр) болуп иштеген.

2021-жылдын 10-мартынан тарта ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.