Зайфун Алтынбековна Ерназарова Кызылорда шаарында (Казакстан Республикасы) туулган. 1987-жылы Алматы эл чарба институтун, 1989-жылы — Москва Центросоюз кооперативдик институтун бүтүргөн. Билими боюнча адистиги – "экономист". Экономика илимдеринин кандидаты, Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин ассоциацияланган профессору.
Эмгек жолун 1987-жылы окуу жайларында экономикалык дисциплиналарды окутуучу болуп иштөөдөн баштаган. Экономикалык сабактар боюнча китептердин жана чет өлкөлүк басылмаларда илимий басылмалардын автору.
1996-жылдан тарта — Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин тутумунда мамлекеттик кызматта иштеген. Алматы шаардык казыналыгынын башкармалыгынын жетектөөчү казыначысынан, каржылоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарынан тартып Методология, отчеттуулук жана статистика башкармалыгынын башчысына, Отчеттуулук жана статистика департаментинин директорунун орун басарына жана бир нече департаменттердин директоруна чейинки карьералык жолду басып өткөн. 2022-2024-жылдары акыркы ээлеген кызматы — Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик каржы отчеттуулугу жана статистикасы департаментинин директору.
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
2025-жылдын 15-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.