· Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен долбоорунун ишке ашырылышын колдоо жөнүндө тескемени кабыл алды. Долбоор айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн өз ара жеткирүүлөрүнүн жана экспортунун көлөмдөрүн көбөйтүүгө, ошондой эле аны диверсификациялоого багытталган.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Өзбекстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин өз ара кызыкчылыкка ээ болгон багыттар боюнча ишинде катышууну кеңейтүү жөнүндө демилгесин колдоду.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жайды мамлекеттик колдоонун аспаптарын карап чыкты.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБде туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды кабыл алды.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде жарандык учак куруу чөйрөсүндөгү өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча иш-чаралардын 2022-2023-жылдарга карата планын (жол картасын) бекитти.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жеке жактар ЕАЭБдин башка мамлекетинде товарлар менен электрондук соода жүргүзгөн учурда КНСти баруучу өлкө принциби боюнча алууга карата негизги концептулдык мамилелер жана алуу механизми көрсөтүлдү.
· Евразия өкмөттөр аралык кеңешине ЕАЭБдин аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат көрсөтүлдү. Комиссия мүчө мамлекеттердин эксперттери менен биргеликте 2021-жылдын 1 июлунан 2022-жылдын 31-мартына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүндө чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бүткүл ченемдик базаны иштеп чыкты жана макулдашты.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Комиссия тарабынан даярдалган Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө баяндаманы карап чыгышты жана жактырышты. Баяндаманын негизги жоболорунун арасында – төрт "эркиндик" принцибин – товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндигин ишке ашыруу үчүн ажыратылгыс инфраструктура болуп саналган Бирликтин ИМТсын пландоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны өнүктүрүү боюнча сунуштар. Баяндамада жактырылган мамилелер Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун трансформациясын баштоого жөндөмдүү.
Мүчө мамлекеттердин Бирликте ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууда каралган товарларды көзөмөлдөө механизминин жакынкы убакытта ишке киргизилишине кызыгуусун эске алуу менен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарына макулдашууну эң жакынкы убакытта ратификациялоого өбөлгө түзгөн мүмкүн болгон чараларды кабыл алууну тапшырды.
Бул үстүбүздөгү жылда эле макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын аткарылышына мүмкүндүк берет.
Макулдашуу бажы транзитинин алкагында ташылган товарларды жана өз ара соодадагы бир катар товарларды (санкциялык товар, алкоголь, тамеки) көзөмөлдөөнү караштырат жана Бирликтин ички чек араларындагы контролдук иш-чараларды азайтууга, Бирликтин мамлекеттеринин транзиттик жагымдуулугун жогорулатууга, ЕАЭБдин аймагында товарлардын көзөмөлдөнүшүн жана алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылууга багытталган.
Отурумга ЕӨАКтын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин өкүлү катары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармасынын төрагасы Николай Подгузов катышышты.Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 2022-жылдын 21-22-июнунда Брестте (Беларусь Республикасы) өткөрүлмөкчү.