Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү

 
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө протоколго (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге карата № 29 тиркеме, мындан ары тиешелүү түрдө – Протокол, ЕАЭБ жөнүндө келишим) ылайык мамилелерге жараша жүзөгө ашырылат. 



Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларынын көлөмүн жана деңгээлин бир түргө келтирип эсептөө максатында Комиссиянын Кеңеши тарабынан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин айыл чарба товарлары менен өз ара соодасына бурмаланган таасир көрсөтүүчү, айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларынын уруксат берилген деңгээлин эсептөө методологиясы бекитилген (Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 163 чечими).

Келишимге ылайык айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларына карата талаш-тартыштар Комиссиянын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет. Азыркы учурда ЕАЭБде мындай талаш-тартыштарды алып баруу практикасы жок, ошого карабастан, Комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 28-февралында кабыл алынган № 6 «Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо маселесин кошо алганда, макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатын ишке ашырууга байланышкан талаш-тартыштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» сунуштамасы аны Евразия экономикалык бирлигинин Сотунда кароо үчүн жеткирбестен, мамлекеттер аралык талаш-тартышты чечүүгө өбөлгө түзөт.



ЕАЭБ Сотунун Статутунун 82-пунктуна ылайык, предмети айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларын көрүү болуп саналган талаш-тартышты кароодо адистештирилген топтор түзүлөт. ЕАЭБ Сотунун Статутунун 94-пунктуна ылайык, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 2016-жылдын 26-декабрында № 29 «Предмети өнөр жайлык субсидияларды берүү, айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чаралары болуп саналган талаш-тартыштарды чечүүнүн алкагында Евразия экономикалык бирлигинин Соту тарабынан түзүлгөн адистештирилген топтордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө жөнүндө» чечим кабыл алган.

Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы милдеттенмелер бузулган учурда ЕАЭБ мүчө мамлекети ЕАЭБтин башка мүчө мамлекеттерине бузуунун көлөмүнө барабар өлчөмдө компенсация төлөп берет. Компенсацияны төлөп берүү тартиби Комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 13-январындагы № 7 «ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы милдеттенмелер бузулган учурда компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө» чечими менен белгиленген.




Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатында Агроөнөр жай саясаты департаменти ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 95-беренесине ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:  

Бирликтин алкагындагы милдеттенмелерге анын шайкеш келүүсүнө карата айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына мониторинг жана салыштырма-укуктук талдоо жүргүзүү.  Комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 160  чечими менен ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы мыйзамдарына мониторинг жана салыштырма-укуктук талдоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилген. Жобого ылайык, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын кароо «Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо» багыты боюнча жумушчу топтун отурумдарынын алкагында үч айда кеминде бир жолу жүзөгө ашырылат;
мүчө мамлекеттердин айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү, анын ичинде айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы милдеттенмелердин сакталышына байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;
Агрардык секторго мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалары менен айыл чарбасын мамлекеттик колдоо жаатындагы серептерди даярдоо жана мүчө мамлекеттерге берүү. Жыл сайын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери Комиссияга отчет мезгилине карата айыл чарбасына көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо жөнүндө жана Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 163 чечими менен бекитилген формага ылайык үстүдөгү жылга карата пландаштырылган айыл чарбасына көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо жөнүндө кабарлама жиберет. Агрардык рыноктун жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоону мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугуна комплекстүү баа берүү максатында  Комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 11. сунуштамасы менен жактырылган тиешелүү Методология иштелип чыккан. Макулдашылган методологиялык ыкмаларга ылайык талдоочулук иш жүргүзүлгөн, агрардык рынокту жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоону мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар анын жыйынтыгы болду (Комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 28 сунуштамасы);
оказание содействия государствам-членам по вопросам, связанным с расчетом объемов государственной поддержки сельского хозяйств.