ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЧӨЙРӨСҮНДӨ КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР
1. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеллектуалдык менчик чөйрөсү кайсы багыттарды камтыйт?
2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин XXIII «Интеллектуалдык менчик» бөлүмүнө ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик обьектилерине укуктарды сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) илимий жана инновациялык өнүгүүнү колдоо;
2) интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруунун жана аларды колдонуунун механизмдерин өркүндөтүү;
3) мүчө мамлекеттердин автордук жана чектеш укуктарынын ээлерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү;
4) Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери жана тейлөө белгилерин каттоодон өткөрүү жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын келип чыккан жерлеринин аталыштар тутумун киргизүү;
5) интеллектуалдык менчиктин объектилерине, анын ичинде Интернетке болгон укукту коргоону камсыз кылуу;
6) интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон укукту натыйжалуу коргоону, анын иичнде мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү реестрин жургүзүү жолу менен камсыз кылуу;
7) контрафакттык продукцияларды жүгүртүүнүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган координацияланган чараларды жүзөгө ашыруу.
2. Евразияэкономикалык бирлигинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө улуттук режим жана эң жагымдуушарттар каралганбы?
Ооба, каралган.
Бир мүчө мамлекетке башка мүчө мамлекеттин аймагында интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон укуктук режим жагында улуттук режим берилет. Мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен соттук жана административдик жол-жоболор, анын ичинде кат алышуу үчүн даректер көрсөтүлүп жана өкүлдү дайындоого улуттук режимден алып салуу каралышы мүмкүн.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери өздөрүнүн мыйзамдарында мүчө мамлекеттерге карата колдонулган эл аралык укуктук актыларга жана Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын түзгөн эл аралык келишимдер жана актыларга караганда интеллектуалдык менчикобъектилерине болгон укукту сактоонунжана коргоонункөбүрөөк деңгээлин камсыз кылган ченемдерди карай алышат.
3. Евразия экономикалык бирлигинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү үчүн Комиссия кандай чараларды кабыл алат? Бул маселе боюнча эл аралык тажрыйба эске алынабы?
Евразия экономикалык бирлигинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын жакшыртуу максатында Евразия экономикалык комиссиясы туруктуу негизде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аталган чөйрөдөгү эл аралык укук, улуттук мыйзам чыгаруу жаатындагы өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүп келет. Евразия экономикалык комиссиясы ошондой эле Евразиял экономикалык бирликке мүчө мамлекеттер менен биргеликте интеллектуалдык менчиктин айлануусуна тиешелүү мүмкүн болгон терс тенденцияларды жоюу максатында ар тараптуу, адекваттуу изилдөөгө күч-аракетин багыттайт.
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен, ошондой эле интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктагы, анын ичинде эл аралык уюмдар менен, үчүнчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен ченем чыгаруучулук ишмердигинде тажрыйба алмашуу жана ачык маалыматты колдонуу үчүн тынымсыз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.
Алсак, Евразия экономикалык комиссиясы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБУ), Интеллектуалдык менчик боюнча европалык бирлик ведомствосу (EUIPO), Евразия патенттик уюму (ЕАПУ), ошондой эле жана башка уюмдардын дипломатиялык миссиялары жана өкүлдөрү менен ийгиликтүү кызматташат. Алардын ичинде Европа бирлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү, Франциянын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Америка Кошмо Штаттарынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Япон тышкы сооданы өнүктүрүү уюмунун өкүлчүлүгү (JETRO) жана башкалар бар.
2014-жылдан тартыпЕвразия экономикалык комиссиясы ИМБУнун туруктуу байкоочусу статусуна ээ.
Азыркы учурда Евразия патенттик уюму менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга даярдык ишке ашырылып жатат.
Эл аралык байланыштардан алынган тажрыйбаны Евразия экономикалык комиссиясы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин долбоорлорунун үстүнөн жүргүзүлгөн иштердин алкагында колдонот.
4. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде “жарыш импорт” мыйзамдаштырылабы?
Евразия экономикалык бирлигинин аймагында товардык белгиге өзгөчө укукту бүтүрүүнүн аймактык принциби бекитилген. Бул 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимде аныкталган.
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарлардын эркин жылышы, мүчө мамлекеттердин аймактарында товардык белгиге укукту бүтүрүүнүн бирдиктүү принциби аракеттенүүгө тийиштигин аныктайт жана “жарыш импортту” мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү эчактан бери эле талкууланып келүүдө.
2014-жылы июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан Интеллектуалдык менчик обьектилерине өзгөчө укуктун бүтүү принцибин андан ары колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобу түзүлгөн, аны Министр, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү Тимур Муратович Сулейменов жетектеди.
Топтун курамына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын адистеринин кеңири чөйрөсүнөн өкүлдөр кирет.
Кырдаалдын өнүгүүсүн ар тараптан караган жумушчу топтун тыянактарынын негизинде 2016-жылдын 13-апрелинде Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан Бирлик жөнүндө келишимди Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке товарлардын айрым түрлөрүнө товардык белгиге өзгөчө укуктун бүтүү принцибин колдонууга ыйгарым укук берүүчү ченемдер менен толуктоо каралган Протоколдун долбоорун даярдоо жөнүндө тескеме кабыл алынган.
Мындай документ кабыл алынып калган шартта, товарлардын айрым түрлөрүнө карата “Жарыш импортко” уруксат берилет.
Учурда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколдун долбоору даярдалууда.
5. Контрафакттык товарларды алып келүүнүн алдын алуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бардык аймагында товардык белгини кантип коргоо керек?
Контрафакттык товарларды алып келүүнү болтурбоо максатында товардык белгини интеллектуалдык менчик обьектилеринин улуттук бажылык реестринде каттатуу максатка ылайыктуу.
Евразиялык экономикалык бирлигинин бүтүндөй аймагында интеллектуалдык менчикке укукту коргоого байланыштуу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерине Бирдиктүү бажы реестринин иштеп турушун камсыздоо максатында ченемдик укуктук базаны түзүүнү ишке ашырат. Учурда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы бул маселени жөнгө салуучу эл аралык келишимдин долбоору ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өтүүдө.
6. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин арасындагы өз ара соодалашууга бажы көзөмөлүнүн жоктугун эсепке алганда интеллектуалдык менчиктин укуктарын бузуу көбүнесе чек ара аралык мүнөзгө ээ. Буга каршы туруу үчүн эмнелер жасалууда?
2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү тарабынан Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын интеллектуалдык менчик объектилерине карата укук бузуулардын алдын алуу, табуу, жол бербөө жана иликтөө боюнча иш-аракеттерин координациялоого багытталган интеллектуалдык менчик обьектилерине карата укуктарды коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө Келишимге кол коюлган.
Бул Келишимди өнүктүрүү багытында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүү эрежелерин белгилөөчү жана чек ара аралык мүнөзгө ээ укук бузууларга жол бербөө үчүн зарыл болгон суроо-талаптарды аткаруучу Регламентти даярдоо иштери жүрүп жатат.
7. Евразия экономикалык бирлигинде автордук жана чектеш укуктарды жамаатташ башкарууну жөнгө салууга тиешелүү мамилелер кантип бир түргө келтирилет?
Автордук жана чектеш укуктарды жамаатташ негизде башкарууну бир түргө келтирүү максатында Евразия экономикалык бирлиги тарабынан Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен бирдикте Автордук жана чектеш укуктарды жамаатташ башкаруунун эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалган.
Макулдашуунун долбоорунда чогултулган сый акыдан тиешелүү уюмдар (УЖБУ) тарабынан кармап калуунун чектелген өлчөмү менен укуктук режимин аныктоо бөлүгүндө жамааттык башкарууга тиешелүү бирдиктүү жөнгө салуу, УЖБУнун отчеттуулугу жана ачык отчет берүүсү, чогултуу механизмдерине милдеттүү аудит жүргүзүү, сый акыларды укуктуу ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү каралууда.
Ошондой эле, Макулдашуу долбоорунда улуттук мыйзамдарда автордук жана (же) чектеш укук обьектилерин УЖБУ же колдонуучулар пайдалангандыгы үчүн сый акыларды төлөбөгөндүгү жана аларды укук ээсинин уруксатысыз пайдалангандыгы жана башка талаптар менен милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу каралууда.
8. Товардык белги Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисинен эмнеси менен айырмаланат?
Товардык белгиге улуттук патенттик мекемеде мамлекеттик каттоонун негизинде өзүнчө турган мамлекеттин аймагында укуктук коргоо ыйгарылат.
Мисалы, Россия Федерациясынын аймагында Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызмат (Роспатент) аркылуу товардык белгиниукуктук жактан коргоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисине Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин патенттик мекемелерине бир өтүнмө берүү жолу менен Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө бардык мамлекеттердин (Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия) аймагында укуктук жактан коргоо иштери бир учурда жүргүзүлөт.
9. Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисинин ээси кандай укуктарга ээ?
Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисинин ээси мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисин пайдаланууга өзгөчө укугу бар жана бул өзгөчө укукту тескөөгө укуктуу, ошондой эле бул товардык белгини же белгилөөнү, аны менен окшоштук даражадагы бир өңчөй товарларга жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга башкаларга тыюу салууга укуктуу.
10. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик тууралуу мыйзамына ылайык кайсы интеллектуалдык иштердин жыйынтыгы каттоого алынат?
Мүчө мамлекеттердин мыйзамына ылайык жаңы ойлоп табуу катары бардык тармактардагы өнүмгө (түзүлүшкө, затка), ыкмага (материалдык каражаттардын жардамы менен материалдык объектинин үстүнөн иш-аракеттерди жүргүзүү процессине) тиешелүү болгон техникалык чечимдер корголот, ошондой эле белгилүү өнүмдөрдү же ыкмаларды жаңы арналышы боюнча же жаңы өнүмдү белгилүү бир арналышы боюнча пайдалануу да кирет.
11. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык патенттик укуктардын объектилерине өзгөчө укукту колдонуу мөөнөтү канча?
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, ойлоп табууга өзгөчө укукту колдонуу мөөнөтү 20 жылдан кем эмести түзөт, ал эми пайдалуу моделдер жана өндүрүштүк үлгүлөр үчүн - 5 жылдан кем эмес.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, ойлоп табуулар үчүн өзгөчө укукту колдонуу мөөнөтү 20 жылды түзөт.
Армения Республикасында жана Россия Федерациясында пай далуу моделдерге өзгөчө укукту колдонуу мөөнөтү 10 жылды, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында 5 жылды түзөт.
Өндүрүштүк үлгүлөргө өзгөчө укукту колдонуу мөөнөтү Армения Республикасында, Беларусь Республикасында 15 жылды түзөт, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында – 10 жыл, Россия Федерациясында – 5 жыл.
12. Евразия экономикалык бирлигинде интеллектуалдык менчиктин стратегиясы барбы? Бар болсо, кандай жоболордон турат?
Учурда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен биргеликте стратегиялык пландоо тармагынан адистерди тартуу менен Евразия экономикалык бирлигинде интеллектуалдык менчикти сактоо, коргоо жана пайдалануу стратегиясынын долбоорун иштелип чыгууда.
Стратегиянын долбоору Евразия экономикалык бирлигинде илимий, изилдөөчүлүк, инновациялык, чыгармачылык ишмердикти активдештирүү, ошондой эле Евразияэкономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында интеллектуалдык менчиктин интеграцияланган тутумун түзүүгө багытталган жоболорду камтыйт.
Жакынкы убакта аталган долбоор кызыкдар жактардан тиешелүү сунуштарды алуу максатында коомчулуктун талкуусуна коюлат.
13. Евразия экономикалык бирлигинде Интеллектуалдык менчик стратегиясын аткаруунун жүрүшүндө кандай максаттарга жетишүү пландаштырылууда?
Стратегияны жүзөгө ашырууда негизги жыйынтык интеллектуалдык менчиктин евразиялык рыногунун ийгиликтүү өнүгүшүн калыптандыруу болот, ал Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын инновациялык түзүүчүсүнүн натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылат, ошондой эле алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн тиешелүү деңгээли камсыз кылынат.
Стратегияны жүзөгө ашыруу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин интеграциялык өз ара аракеттенүүсүн олуттуу кеңейтип, интеллектуалдык менчик обьектилеринин Евразия экономикалык бирлигинин аймагында тоскоолдуксуз жүгүртүлүшү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.