Жумушчу топтун курамынынаракеттеги редакциясы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 30-майындагы №57 тескемеси менен бекитилген(ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын13-февралындагы № 27 тескемеси менен киргизилген өзгөртүүлөрү менен). Жумушчу топтун курамы Комиссиянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынан жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бизнес-коомдоштуктарынын координаторлорунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн.
Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине баалоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси - ЕЭК Коллегиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (Министр) Тимур Мекешевич Жаксылыков.
Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине баалоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары – ЕЭКтин Ишкердикти ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Тагибердиевна Джолдыбаева.
2015-жылы жумушчу топтун 22 отуруму болуп өтүп, 80 маселе (ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлору) каралган.
2016-жылы жумушчу топтун 17 отуруму болуп өткөн жана 46 маселе (ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлору) каралган.
2017-жылы жумушчу топтун 23 отуруму болуп өткөн жана 76 маселе (ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлору) каралган.