Соода

темасындагы жаңылыктар «Соода»

26 Jan 2023 Андрей Слепнев: "Климаттык күн тартибинин алкагында биз технологияларга, финансыларга жеткилик, ошондой эле тармактар үчүн өбөлгөлөрдү теңдөө чөйрөсүндөгү маселелерди чечебиз" Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕЭК Кеңешинин отурумунун "талааларында" евразиялык мейкиндикте климаттык күн тартиби маселелери боюнча координацияланган ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча семинарга катышты. "Экономика көз карашынан алганда климаттык күн тартиби - бул биринчи кезекте технологиялык трансформация жана жаңы технологиялык платформага өтүү. Ошондуктан бул процесстеги ийгилик улуттук экономикалардын ийгилигин дагы ондогон жылдарга аныктайт", - деп белгиледи ал өз сөзүндө. Климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн позицияларын жакындатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту (ЖДЖТ) жетектеген ЕЭКтин соода боюнча министри негизги үч маселеге көңүл бурду: технологияларга жеткиликтүүлүк, финансыга жеткиликтүүлүк, ошондой эле тармактар үчүн өбөлгөлөр жана өлкөлөр аралык тоскоолдуктардын келип чыгышына байланыштуу көйгөйлөр. Технологияга жетүү бөлүгүндө, бардыгы кайсы технологияны жана канчалык деңгээлде "жашыл" деп ким жана кантип эсептей тургандыгына көз каранды. Ушул мааниде алганда, Россия Федерациясында үч жылдын ичинде көмүртекти жөнгө салуунун укуктук институционалдык инфраструктурасы түзүлгөн. Ал эми Казакстанда мындай тутум андан да мурда түзүлгөн жана бүгүнкү күндө жигердүү өркүндөтүлүүдө. "Мамилелердин бул чоң чөйрөсү салыкка, бажы маселелерине жана техникалык жөнгө салууга да тиешелүү. Эгерде бизде стандарттар дал келишпестиктер болсо, кайсыл кооперация жөнүндө айтууга болот? Дароо тоскоолдук пайда болот. Ошондуктан валидация, верификация жана аккредиттөөнүн жалпы тутуму боюнча маселе азыр биринчи орунда турат", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев. Экинчи учур климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бирдиктүү методологиялык базаны түзүүгө тиешелүү жана компаниялардын декарбонизациялоого багытталган демилгелерин колдоо маселелерин козгойт. ЕАЭБде финансыларга жетүү планында климаттык долбоорлордун жалпы таксономиясы иштелип чыккан. Документ бир өлкөнүн долбоорлорунун демилгечилери үчүн методологиялар шайкеш келген учурда Бирликтин бүтүндөй рыногунда каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ошону менен катар ЕЭКтин соода боюнча министри кабыл алынган таксономия дагы кеңири тааныла тургандыгына ишенимин билдирди. "Моделдик таксономия улуттук актылар үчүн методологиялык негиз катары колдонулушуна ишенебиз, ошондой эле ЕАЭБдин бардык мейкиндигинде каржылоону берүү үчүн аны түздөн-түз колдонуу боюнча тараптардын биржалары менен иштейбиз", - деди Андрей Слепнев. Ошондой эле эске салып өткөндөй, Комиссия тарабынан климаттык технологиялар банкы жана санариптик долбоорлор ишке киргизген, компаниялар аларды кайра ишке ашырууга жардам берүүгө даяр. "Үчүнчү маселе, балким, эң маанилүү маселе – өбөлгөлөр жана мүмкүн болуучу тоскоолдуктар. Бул чек аралык түзөтүүчү көмүртек механизминин аналогдорун качан жана кайсы өлкөлөр киргизе баштай турганына байланыштуу. Бүгүн биз Корея Республикасында, Кытайда жана, айтмакчы, Казакстан Республикасында чыгындылар менен соодалашуу тутуму жигердүү жайылтылып жаткандыктарын көрүп турабыз", – деп көңүл бурду ЕЭКтин соода боюнча министри. Андрей Слепневдун пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлиги үчүн эң чоң тобокел болуп, ЕАЭБ ичинде ушундай механизмдерди жана тиешелүү чек аралык компенсациялоочу шаймандарды киргизүү саналат. Бул тобокелдиктердин контекстинде Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда, ошондой эле негизги тышкы соода өнөктөштөрү менен байланышта тармактарды декарбонизациялоо боюнча пландардын чыңалуусун теңдештирүү олуттуу милдети турат. "Биздин өлкөлөрдөгү климаттык жөнгө салууну талдоо, пландарды синхрондоштуруу жана Бирликтин органдарына зарыл чечимдерди сунуштоо керек", – деп жыйынтыктады Андрей Слепнев. Семинардын ишине ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү – Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников, Армения Республикасынын экономика министри Ваган Керобян, "Астана" ЭФБ Жашыл финансы борборунун директору Айдар Казыбаев, "Газпромбанк" АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Елена Борисенко, ВЭБ.РФ төрагасынын биринчи орун басары - башкармалыктын мүчөсү Алексей Мирошниченко жана башкалар катышышты.
25 Jan 2023 ЕЭК туш кагаздарды өндүрүү үчүн полимерлерге карата алып келүү алымын бир жылга нөлгө түшүрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши туш кагаздарын өндүрүү үчүн пластификацияланган поливинилхлоридге карата алып келүү бажы алымынын ченин убактылуу нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды – 2024-жылдын 29-февралына чейин кошо алганда. Бул товарга ЕАЭБдин ББТнын колдонуудагы чени 6,5%ды түзөт. "Полимер ротациялык-трафареттик басып чыгаруу ыкмасы менен кагаз жана токулбаган кездеме (флизелин) боюнча басып чыгаруу үчүн арналган жана азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында зарыл көлөмдө өндүрүлбөйт", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Анын айтымында, Бирликке кирген бир катар өлкөлөргө карата тышкы санкциялардын шарттарында бажы-тарифтик жөнгө салуунун кабыл алынган чарасы ички рынокто туш кагаздарды өндүрүүчүлөрдү колдоого мүмкүндүк берет. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Маалымат Комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 22-августундагы № 47 жана 2018-жылдын 5-декабрындагы № 97 чечимдерине ылайык, каралып жаткан товарларга карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк чени буга чейин 2017-жылдын 14-октябрынан тарта 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда колдонулган.
24 Jan 2023 Программалык комитет ЕАЭБ мамлекет башчыларынын катышуусу менен II Евразиялык экономикалык форумга даярдыкты талкуулашты Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун төрагалыгы алдында II Евразиялык экономикалык форумга даярдык боюнча программалык комитеттин биринчи отуруму болуп өттү. Форум "Евразия интеграциясы көп полярдуу дүйнөдө" урааны менен үстүбүздөгү жылы өткөрүлмөкчү. Пленардык сессиясына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчылары катыша турган иш-чара, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алдында 24-25-майда өткөрүлүшү пландаштырылган. ЕЭКтин ченемдик-укуктук актыларына ылайык, Евразия экономикалык форуму жыл сайын ЕАЭБде төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлөт, башкача айтканда бул жылы ал Россия Федерациясында өтөт.  Программалык комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу ведомстволорунун жана бизнесинин, ошондой эле ЕЭКтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү форумдун жалпы концепциясын жана алдын ала мазмунун, панелдик сессиялардын мүмкүн болгон темаларын жана анын "талааларында" иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. Форум Бирликтин заманбап дүйнөдөгү позициясына багытталгандыгына байланыштуу тематикалык сессиялар жана диалогдук иш-чаралар эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу темаларын козгойт - заманбап евразиячылыктын көз караштарынын негиздери, ЕАЭБдин он жылга стратегиялык милдеттери, санариптик трансформациясы, климаттык чакырыктар жана Бирликтин консалидацияланган жообу, энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугу, ШКУ, БРИКС, АСЕАН өлкөлөрү, Африканын жана Араб Чыгышынын мамлекеттери менен өз ара мамилелер.
24 Jan 2023 ЕЭК кубаттуулугу 5-50 миң кВт чейин газ түтүктөрүнүн бөлүктөрүнө бир жылдык мөөнөткө алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кубаттуулугу 5-50 миң кВт чейин газ түтүктөрүнүн бөлүктөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин убактылуу негизде нөлгө түшүрүү чечимин кабыл алды (2024-жылдын 31-мартына чейин кошо алганда). Азыркы учурда ЕАЭБ ББТ тийиштүү чени бажы наркынан 5%ды түзөт. Каралуучу бөлүктөргө корпустун дөңгөлөктөрү, төмөн басымдагы турбинанын компрессорлору жана чыгаруучу диффузорлору, валдын алдыңкы башы, компрессордун диски, таянычтар, үйлөөчү абанын муздаткычынын жылуулук алмаштыргычы, кошумча тутумдардын редуктору жана Италиядан алынып келүүчү башка бөлүктөр, АКШдан жана Нидерланддардар алынып келүүчү ар кандай клапандар, ошондой эле Германиядан жана Улуу Британиядан киргизилүүчү айрым башка бөлүктөр кирет. "Чара Евразия экономикалык бирлигинин аймагында акыркы продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана анын ичинде, жаратылыш газын магистралдык газ түтүктөрү боюнча ташуу үчүн компрессордук станцияларда колдонулуучу газ-соруучу агрегаттарга орнотулган газ түтүктөрүн даярдоого да таасирин тийгизет", - деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Анын айтымында, чечим ЕАЭБдин мунай-газ өнөр жайынын ишканаларын жаңы муундагы энергетикалык жабдуулар менен камсыздоого, ошондой эле Евразия өлкөлөрүнүн газ-транспорт тутумдарын модернизациялоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Министр ошондой эле азыркы учурда Бирликте газ түтүктөрүнүн бөлүктөрүн өндүрүүнү локалдаштыруу боюнча программалар жигердүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бошотулган каражаттарды 2025-жылга чейин аяктоо үчүн, тиешелүү иш-чараларды андан ары кеңейтүүгө багыттоо пландаштырылууда. Маалымат ЕЭК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-июлундагы № 110 жана 2016-жылдын 1-мартындагы № 21 чечимдерине ылайык, 2014-жылдын 2-сентябрынан тарта 2021-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда, газ түтүктөрүнүн бөлүктөрүнө карата бажы наркынан 0% өлчөмдө алым чени колдонулган.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Соода»

19
25.01.2023 Решение Совета ЕЭК № 19 О внесении изменений в некоторые решения Комиссии Таможенного союза в отношении отдельных видов мяса крупного рогатого скота
14
31.01.2023 Решение Коллегии ЕЭК №14 О внесении изменений в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 17 ноября 2015 г. № 154
13
31.01.2023 Решение Коллегии ЕЭК №13 Об установлении ставки ввозной таможенной пошлины Единого таможенного тарифа Евразийского экономического союза в отношении фольги для тиснения
3
31.01.2023 Рекомендация Коллегии ЕЭК №3 Об обеспечении функционирования единого рынка услуг в сфере строительства
8
31.01.2023 Распоряжение Коллегии ЕЭК №8 О внесении изменений в состав рабочей группы по определению общих принципов и подходов к установлению ответственности за несоблюдение требований права Евразийского экономического союза в сфере таможенного регулирования
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
0/0