Афанасьев Алексей Викторович​

Афанасьев Алексей Викторович​

Биография

1969-жылдын 25-июлунда Беларусь Республикасынын Могилёв областында төрөлгөн.

Беларусь айыл чарба академиясын "Айыл чарбасынын экономикасы жана уюштуруу" адистиги боюнча жана Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Эл аралык экономикалык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун айыл чарба тармагынын ишканаларында экономист катары иштөө менен баштаган.

2000-2003-жылдарда Могилёв областтык аткаруу комитетинин каржы башкармалыгында ар түрдүү кызматтарда иштеген.

2003-жылдан 2012-жылга чейин – Минск шаардык аткаруу комитетинин бюджет бөлүмүнүн башчысы, каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2012-2014-жылдар аралыгында Беларусь Республикасынын Каржы министрлигинин Минск шаары боюнча Башкы башкармалыгын жетектеп турган.

2014-жылдан 2020-жылга чейин Минск шаардык аткаруу комитетинин каржы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2020-жылдын октябрь айында Евразия экономикалык комиссиясынын каржы департаментинин директору болуп дайындалды.

Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдарынын ардак грамоталары менен сыйланган.