Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Комиссиясы
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Сагинтаев Бакытжан Абдирович
Катчылыгы
Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти
Каржы департаменти
Укук департаменти
Иш башкаруу департаменти
Сүрөт
Видео
Күнбарак
Биография
темасындагы жаңылыктар «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»
01 Nov 2024
Бакытжан Сагинтаев БУУнун Женевадагы кеңсесинин негизги аткаруучу директору Татьяна Валовая менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин башкы аткаруучу директору Татьяна Валовая менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Комиссиянын жана БУУнун түзүмдөрүнүн, анын ичинде уюмдун Женевадагы бөлүмүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, ошондой эле ЮНКТАД аянтчасында (БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы) Эл аралык бирикмелердин диалогунун келечегин карашты. Бакытжан Сагинтаев ЕЭК өнөктөштөр менен интеграциялык тажрыйбаларды өз ара үйрөнүү маселелеринде, анын ичинде БУУнун эгидасы алдындагы иш-чараларда өз ара аракеттенүүгө ачык экенин белгилеп өттү. Европанын расмий, ишкердик жана эксперттик чөйрөлөрүнүн Евразиялык экономикалык интеграция процесстерин өнүктүрүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн Коллегиянын Төрагасы жакынкы келечекте БУУнун Женевадагы кеңсесинде "Евразия экономикалык бирлигинин күндөрүн" өткөрүүнү сунуштады. ЕЭК Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн бул нерсеге макулдугун алды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
01 Nov 2024
Бакытжан Сагинтаев Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Эми Поуп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 1-ноябрда Женевада Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) башкы директору Эми Поуп менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар миграциялык чөйрөдө, атап айтканда, Евразия мейкиндигинде эмгек ресурстарынын агымын жөнгө салуу боюнча кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Бакытжан Сагинтаев билдиргендей, Комиссия быйыл МЭУ глобалдык тармагынын этикалык жалдоо боюнча саясатты жана стратегияларды иштеп чыгуу боюнча ишине кошулду. «Евразия региону жогорку миграциялык жагымдуулукка ээ. Биз миграция боюнча эл аралык уюм менен бир катар актуалдуу багыттар боюнча кызматашууга кызыкдарбыз", – деп белгиледи Коллегиянын Төрагасы. Эмгектенген мигранттардын квалификациялардын салыштырмалуулугуна негизделген кесиптик көндүмдөрүн таануу жаатындагы эл аралык тажрыйба ЕЭК үчүн кызыгууну туудурат. Комиссия жыл сайын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө талап кылынган кызмат орундарынын жана кесиптердин тизмегин түзөт. Тизмекке киргизилген кесиптерге квалификациялык талаптар кабыл алынат. Эми Поп аталган Тизмекти изилдөөгө кызыкдар экенин билдирип, жумуштуулук жаатында келечектеги өз ара аракеттешүү үчүн пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, атап айтканда, атайын биргелешкен программа түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан МЭУнун аймактык жана глобалдык долбоорлорунун алкагында кызматташтык маанилүү багыт болуп саналат. «Биз пилоттук долбоорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз, анын максаты Евразия экономикалык бирликтин аймагында эмгектенген мигранттарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат», — деди Бакытжан Сагинтаев. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки эл аралык уюмдун кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана Евразия экономикалык комиссиясы менен миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда 2013-жылдагы кызматташтык жөнүндө меморандумду актуалдаштырууну макулдашышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев менен Эми Поуп жумушчу байланыштарды улантууга жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө макул болушту.
28 Oct 2024
Бакытжан Сагинтаев Аргентинанын Россиядагы Элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 28-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында Аргентина Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Евразия экономикалык бирлиги менен Аргентинанын, ошондой эле Аргентина Республикасы мүчө болгон Түштүк Американын жалпы рыногу (МЕРКОСУР) менен өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен МЕРКОСУРдун ортосундагы өз ара соодадагы оң динамиканы белгиледи. ЕАЭБ жана МЕРКОСУР өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%дан ашык өскөн. Энрике Игнасио Феррер Виейра өз кезегинде кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
25 Oct 2024
Бакытжан Сагинтаев БРИКС XVI саммитинин алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казань шаарында өткөн БРИКС XVI саммитинин талааларында бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин жана БУУнун кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ЕЭКтин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө, ошондой эле аларга жетишүү үчүн негизги милдеттерге кошкон салымы белгиленди. Тараптар ошондой эле Комиссия менен БУУнун Катчылыгынын ортосундагы өз ара мамилелерди формалдаштыруу маселесин талкуулашты. Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан менен болгон маекте Бирликтин Иран менен кызматташуусунун актуалдуу маселелери козголду. Атап айтканда, кеп Эркин соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболордун аякташы жөнүндө болду. Мындан тышкары, маектештер Иран ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу темасын талкуулашты. Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен болгон сүйлөшүү Кытай менен өз ара сооданы илгерилетүү үчүн көптөгөн элементтерди камтыган преференциалдык эмес келишимдин темасына тиешелүү болду. ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты системалуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Монголиянын Президентинин администрациясынын жетекчиси Гомбожавын Занданшатар менен жолугушуу учурунда белгиленди. Тараптар убактылуу соода макулдашуусун түзүү боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соодада преференциалдык режимге кол коюунун келечегин жана анын аракетинин башталышын талкуулашты. Сербия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Вулин менен жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБ менен Сербиянын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча пландар каралып, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. 2024-жылы БРИКСте ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн бири — Россия Федерациясы төрагалык кылат.
Дагы көрсөтүү
Чечимдер
Темасындагы чечимдер «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»
120
29.10.2024
Решение Коллегии ЕЭК № 120 О внесении изменения в Положение о Консультативном совете по взаимодействию Евразийской экономической комиссии и Делового совета Евразийского экономического союза
119
29.10.2024
Решение Коллегии ЕЭК № 119 О внесении изменения в перечень отдельных товаров, в отношении которых применяются ставки ввозных таможенных пошлин в соответствии с Соглашением о свободной торговле между Евразийским экономическим союзом и его государствами-членами, с одной стороны, и Социалистической Республикой Вьетнам, с другой стороны, от 29 мая 2015 года, и размеров таких ставок
118
29.10.2024
Решение Коллегии ЕЭК № 118 О порядке введения в действие изменений в технический регламент Таможенного союза «О безопасности упаковки» (TP ТС 005/2011)
173
29.10.2024
Распоряжение Коллегии ЕЭК № 173 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «О проекте решения Высшего Евразийского экономического совета «О внесении изменений в Решение Высшего Евразийского экономического совета от 26 декабря 2016 г. № 23 и принятии дополнительных мер по реализации планов либерализации»
172
29.10.2024
Распоряжение Коллегии ЕЭК № 172 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «О внесении изменений в технический регламент Таможенного союза «О безопасности парфюмерно-косметической продукции» (ТР ТС 009/2011)»
Ченемдик документтер
багыты боюнча материалдар
Сүрөт
Видео
14 2016
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун Евразия экономикалык биримдигинде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү темасы боюнча БелТА маалымат агенттигине берген интервьюсу
Дары каражаттары - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жалпы рыноктун иши башталышы боюнча иштерге бекем киришкен спецификалык товарлардын тобунун биринчиси. Бул тажрыйбаны колдонуу менен ЕАЭБте башка бирдиктүү рыноктор да түзүлө баштайт - каржы, энергетика, мунай-газ жалпы рыноктору ж.б. Дагы кандай баскычтарда өтүү керектиги жана жалпы дарылар рыногу кандай иштей турганы туурасында БелТА кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков айтып берди.
14 2016
ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу”
Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
01 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын “Ишкер Евразия” аналитикалык ресурсуна Евразия экономикалык биримдигин жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө интервьюсу: “Евразия интеграциясы каатчылыкты жеңилдетип, тышкы таасирлерди нивелирледи”
ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти.
21 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Т.С.Саркисяндын Санкт-Петербург мамлекеттик университетиндеги чыгып сүйлөөсүнүн тезистери
0
/
0
01 2019
Бирге пайдалуу. Армения - МИР 24
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө