Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Сагинтаев Бакытжан
Абдирович
Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти
Каржы департаменти
Укук департаменти
Иш башкаруу департаменти
темасындагы жаңылыктар «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»
03 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкону Беларустун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону жана бүтүндөй беларус элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. "Эгемендүүлүк жылдарында Беларусь социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ийгиликтерге жетишти, анын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен байланыштары тереңдеп баратат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасына мындан аркы экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылык жана жакшылык каалады.
02 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинди мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Сиз Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинге чың ден соолук, бакубатчылык жана Беларусь Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.
27 июнундагы 2025
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
Минск шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Интеграциялык күн тартибинин бир катар маанилүү маселелери каралды. Бул — ЕАЭБ укугун өркүндөтүү, Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, эл аралык кызматташтык, соода, кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуу, спорт жаатында өз ара аракеттенүү сыяктуу багыттар. Эки маанилүү эл аралык документке кол коюлду. Биринчиси — Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим. Экинчиси — Монголия менен убактылуу соода келишими. Мамлекет башчылары ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын да карап чыгышты. Өткөн жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык аренадагы позициясы кыйла бекемделди. Мындан тышкары, мамлекет башчыларына 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аткаруунун учурдагы жүрүшү сунушталды. Бул документти ишке ашыруу бардык негизги багыттар боюнча интеграцияга белгилүү бир түрткү берди. ЖЕЭКтин мүчөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимге түзөтүүлөр киргизилген IV Чоң Протоколго кол коюшту. Өзгөртүүлөр укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюуга багытталган жана атап айтканда, техникалык жөнгө салууга, электр энергетикасына, атаандаштыкка жана финансы рынокторуна тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бирликте товарларды маркалоонун өнүгүшү жөнүндө маалымат алышты. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама кабыл алынды. ЕАЭБде спорт чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды. ЕАЭБде 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу эрежелерин сактоонун жыйынтыктары чыгарылды. ЖЕЭКтин отурумунда табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү 2024-жылдын жыйынтыктары сунушталды. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки отуруму 2025-жылдын декабрында Санкт-Петербургда өтөт.
26 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп арттырууга жөндөмдүү"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Мамлекеттер аралык бирикмелердин диалогу: экономикалык потенциалдарды айкалыштыруу жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү" панелдик сессиясына катышты. "Интеграциялардын диалогу" – дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн башкы тренддеринин бири. Евразия экономикалык бирлигин соода-экономикалык мамилелердин глобалдуу тутумуна киргизүүнүн маанилүүлүгүн Бирликтин бардык беш өлкөсүнүн башчылары дайыма баса белгилешет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте системалуу эл аралык диалог үчүн зарыл инфраструктураны түзгөндүгүн белгиледи. Регионалдык мамлекеттер аралык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө 12 меморандум түзүлгөн. Алар менен диалог мыкты тажрыйба алмашуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын темпин арттыруу үчүн негиз болуп саналат. Комиссиянын жана Бирликтин кеңири байланыш тармагы бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Евразияда, Латын Америкасында, Африкада калыптанган. Диалог ийгиликтүү өнүгүп жаткан негизги өнөктөштөрдүн катарына – КМШ, ШКУ, АСЕАН, МЕРКОСУР, БРИКС, АӨИЧК, Анд коомдоштугу, Түштүк Америка жалпы рыногу, Африка бирлиги, Тынч океан альянсы жана башкалар кирет. Шериктештиктин географиясын кеңейтүүнүн негизги инструменти соода келишимдери болуп саналат. Алар Вьетнам, Иран, Сербия, Кытай менен түзүлгөн, Индонезия менен макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр – акыркы баскычта. 27-июнда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алкагында БАЭ жана Монголия менен дагы эки соода келишимине кол коюу пландалууда. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБ башка уюмдардын интеграциялык курулушунун позитивдүү тажрыйбасын кабыл алууга гана кызыкдар эмес. Калыптанган бирикме катары биз өнөктөштөргө өзүбүздүн мыкты тажрыйбаларды сунуштоого даярбыз. Биздин экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп күчөтүүгө жөндөмдүү", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
Дагы көрсөтүү
багыты боюнча материалдар
14 декабрындагы 2016
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун Евразия экономикалык биримдигинде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү темасы боюнча БелТА маалымат агенттигине берген интервьюсу
Дары каражаттары - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жалпы рыноктун иши башталышы боюнча иштерге бекем киришкен спецификалык товарлардын тобунун биринчиси. Бул тажрыйбаны колдонуу менен ЕАЭБте башка бирдиктүү рыноктор да түзүлө баштайт - каржы, энергетика, мунай-газ жалпы рыноктору ж.б. Дагы кандай баскычтарда өтүү керектиги жана жалпы дарылар рыногу кандай иштей турганы туурасында БелТА кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков айтып берди.
14 декабрындагы 2016
ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу”
Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
01 ноябрындагы 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын “Ишкер Евразия” аналитикалык ресурсуна Евразия экономикалык биримдигин жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө интервьюсу: “Евразия интеграциясы каатчылыкты жеңилдетип, тышкы таасирлерди нивелирледи”
ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти.
21 сентябрындагы 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Т.С.Саркисяндын Санкт-Петербург мамлекеттик университетиндеги чыгып сүйлөөсүнүн тезистери