Сагинтаев Бакытжан Абдирович

Биография

Бакытжан Абдирович Сагинтаев 1963-жылдын 13-октябрында Казакстандын Жамбыл областынын Талас районунун Ушарал айылында төрөлгөн.

С.М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн, экономика илимдеринин кандидаты (1990-ж., темасы: "Шаар жана айыл калкынын жашоо деңгээли жана шарттары: социалдык-экономикалык аспект").

Эмгек ишмердиги:

1985-1988-жылдарда – Алма-Ата эл чарба институтунун саясий экономия кафедрасында мугалим.

1988-жылдан 1992-жылга чейин – С.М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин социология кафедрасында ассистент, ага мугалим, доцент.

1992-1993-жылдарда – "Маруе" туристтик-коммерциялык фирмасынын президенти.

1993-1997-жылдар аралыгында – "Казмет" АКнын башкы директору.

1997-1998-жылдарда – "Лукойлнефтегазстрой-К" ЖАКнын башкы адиси, башкы директорунун орун басары.

1998-жылдан 2002-жылга чейин – Жамбыл областынын акиминин орун басары, Казакстан Республикасынын Чакан бизнести колдоо боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары, "Чакан ишкердикти өнүктүрүү фонду" ЖАКнын башкармасынын төрагасы, Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты коргоо жана чакан бизнести колдоо боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары.

2002-2004-жылдар аралыгында – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо агенттигинин төрагасынын биринчи орун басары.

2004-2007-жылдарда – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин төрагасы.

2007-2008-жылдарда – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин Канцеляриясынын жетекчиси.

2008-жылдан 2012-жылга чейин – Павлодар областынын акими.

2012-жылы – Казакстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри.

2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын январына чейин – "Нур Отан" Элдик-демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары.

2013-жылдан тарта – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин биринчи орун басары – Казакстан Республикасынын регионалдык өнүгүү министри.

2014-жылдан тарта – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин биринчи орун басары.

2016-2019-жылдарда – Казакстан Республикасынын Премьер-Министри.

2019-жылдын 1-мартынан 24-мартына чейин – Казакстан Республикасынын мамлекеттик катчысы.

2019-жылдын март айынан июнь айына чейин – Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси.

2019-жылдан 2022-жылга чейин – Алмата шаарынын акими.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2022-жылдын 1-июнунда Казакстан Республикасынан Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри болуп дайындалды.

Төмөнкү ордендер менен сыйланган: Курмет ордени (2008-ж.), Парасат ордени (2013-ж.), III даражадагы Барыс ордени (2021-ж.).

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменовдун БелТА МА берген интервьюсу: “Беларусь ЕАЭБтеги бардык интеграциялык процесстерде негизги ролду ойнойт” 24 2016 ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменовдун БелТА МА берген интервьюсу: “Беларусь ЕАЭБтеги бардык интеграциялык процесстерде негизги ролду ойнойт” Беларусь, Россия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарында жашап, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгону менен аларга каршы чогуу аракет көрүп келе жатканына эки жыл болду. Октябрдын аягында Минск Биримдиктин алкагында кезектеги ири жолугушууну кабыл алат - Беларусиянын ордо калаасында Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өткөрүлөт. Бул маанилүү иш чаранын алдында БЕЛТА кабарчысы 2016-жыл ЕАЭБ үчүн кандай болду, параллелдик импорттун жана бажы алымдарынын ченин аныктоонун көйгөйлүү маселелери кантип чечилет жана бирдиктүү каржы рыногун түзүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын билүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Сулейменов менен жолугушту.
21 2016 ЕЭКтин Эмгек миграциясы департаменттин милдетин убактылуу аткаруучу Самат Алиевдин “Иштиктүү Евразия” журналына берген интервьюсу: “ЕАЭБ контрафакт жана жасалма товарлар менен күрөшүү чараларын күчөтөт” ​Интеллектуалдык менчикти укук коргоо органдары коргойт “Иштиктүү Евразия” буга чейин билдиргендей, Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо жагында маалыматтык өз ара иш жүргүзүү регламентин бекиткен. Документ 2015-жылдын 8-сентябрындагы Интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча иш аракеттердин координациясы жөнүндө келишимди аткаруу максатында иштелип чыгарылган. Регламент Комиссия менен мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашуунун тартибин, жана мүчө мамлекеттерде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сактоо боюнча ыкчам чараларды аныктайт. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өз ара иштешүү жана алардын ыкчам аракет көрүү механизмдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн “Иштиктүү Евразия” Эмгек миграциясы департаментинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Самат Алиевге кайрылдык. Анын сөзү боюнча, ЕЭКтин функцияларына, башкалардан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча шарттарды түзүү кирет. Аныкталгандай, бул процесс ар бир өзүнчө алынган мамлекеттеги процесстен көп деле айырмаланбайт.
0/0