Экономикалык потенциал


Россия Федерациясынын Президенти

Владимир Путин 

«Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз. 

Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз. 

Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз. ».

Географиясы

Аймагы: 17,1 млн кв. км

Калкы – 145,56 млн адам

Борбор шаары: Москва, 12,6 млн тургун

Экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү учурдагы баалар менен 131 015 млрд орус рублин (1 763,5 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индекси – 104,7%.

2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 91 640,6 млрд орус рублин (1 244,3 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2020-жылга салштырмалуу индекси – 105,3 %.

2021-жылы мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 524,0 млн тонна, киши башына – 3 592,4 кг.

2021-жылы жаратылыш газын казып алуу – 763,5 млрд м3, киши башына – 5 234,3 м3.

2021-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 7 572 млрд орус рублин (102,8 млрд АКШ долларын) түзгөн. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн 2020-жылга салыштырмалуу индекси 99,1% түзгөн.

2021-жылы Россия Федерациясынын экспорту 493,3 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 338,6 млрд АКШ доллары).

2021-жылы Россия Федерациясынын импорту 296,0 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 234,0 млрд АКШ доллары).

Негизги өнөр жай тармактары

Мунай жана газ өндүрүү, асыл таштарды жана металлдарды кайра иштетүү, учак куруу, ракета жана космос өндүрүшү, атом өнөр жайы, курал-жарак жана аскердик техниканы өндүрүү, электротехника, целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль өнөр жайы, транспорт, жол жана айыл чарба машиналарын куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы.

Кошумча

Эң ири дарыялар, мамлекеттин территориясындагы узундугу, км: Лена - 4337, енисей - (Ангара менен бирге) - 3884, Волга- 3694, Обь- 3676, Амур- 2855. 

Эң ири көлдөрү, миң чарчы километр: Каспий деңизи - 371, Байкал- 31,5, Ладога- 17,7, Онега - 9,7. 

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Эльбрус тоосу- 5642 м. 

Айлык орточо температура: 
январь: 0°С, -5° С тан (Түндүк Кавказ) -40° С, -50° С чейин ( Саха Республикасынын чыгышы (Якутия); 
июль: + 1° С тан (Сибирдин түндүк жээгинен) + 24-25° С ка чейин (Прикаспий ойдуңу)


Беларусь Республикасынын Президенти
Александр Лукашенко 

«Беларусь үчүн эң жакын кошуна өлкөлөр менен терең жана натыйжалуу интеграция бардык учурларда өнүгүүнүн табигый жолу болуп эсептелет. Эки жолу өткөрүлгөн референдумда берилген көпчүлүк добуш интеграцияга так мандат берди. 

Бирлик мамлекетинин алкагындагы интеграциялык сунуштар аларды ишенимдүүлүк менен кеңири жана көп тараптуу форматта колдонууга мүмкүндүк берди. Бирлик мамлекети, Бажы бирлиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бири-бирин байытып жана өз ара толуктап турушу абдан маанилүү. 

Азыр бир эң бир маанилүү чечимди жүзөгө ашыруунун алдында турабыз. Интеграцияны чечкиндүү тереңдетүү жөнүндө биздин бекем ниетибиз – кокусунан келип чыккан жок. Бул жашоодон алынган манифест деп айтууга болот».

Географиясы

Аймагы: 207,6 миң кв. км

Калкы – 9,26 млн адам

Борбор шаары: Минск, 2,0 млн тургун

Экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү учурдагы баалар менен 173 млрд белорус рублин (67,9 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индекси – 102,3%.

2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 155,9 млрд белорус рублин (61,4 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2020-жылга салштырмалуу индекси – 106,5 %.

2021-жылы мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 1,7 млн тонна, киши башына – 182,7 кг.

2021-жылы жаратылыш газын казып алуу – 0,2 млрд м3, киши башына – 21,5 м3.

2021-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 25 млрд белорус рублин (9,8 млрд АКШ долларын) түзгөн. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн 2020-жылга салыштырмалуу индекси 95,8% түзгөн.

2021-жылы Беларусь Республикасынын экспорту 39,9 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 29,2 млрд АКШ доллары).

2021-жылы Беларусь Республикасынын импорту 41,8 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 32,8 млрд АКШ доллары).

Негизги өнөр жай тармактары

Металлургия өнөр жайы, машина куруу, металл иштетүү, химия жана мунай-химия, жеңил өнөр жай, тамак-аш өнөр жайы.

Кошумча

Эң ири дарыялары - мамлекеттин территориясындагы узундугу км менен: Днепр - 700, Березина - 561, Припять- 495, Сож- 493, Неман - 436, Птичь - 421. 

Эң ири көлдөрү, чарчы км: Нарочь: 79,6, Освей: 52,8, Червон: 40,8, Луком: 37,7, Дривяты: 36,1. 

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Дзержинск тоосу, 345м. Айлык орточо температурасы: январь: -4,8 °C; июль: +20,6 °C


Казакстан Республикасынын Президенти
Касым-Жомарт Токаев

«Казакстандын, Россиянын жана Беларусиянын Бажы бирлиги тарыхта биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн элдерин өз ара урматташуунун, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоонун жана жалпы келечектин ажыратылгыс экендигин түшүнүүнүн негизинде жакындаштырууда 

Бажы бирлигин Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигине трансформациялоо биздин элдердин гүлдөп – өсүшү үчүн күчтүү стимул болуп, глобалдуу дүйнөдө биздин өлкөлөрдү алдыңкы позицияларга чыгарат. 

Биз бардыгыбыз, тарыхы бир, ошондой эле жалпы келечеги да бир улуттардын жаңы уникалдуу евразия коомчулугунун жаралышынын күбөсү болуп турабыз».

Географиясы

Аймагы: 2 724,9 миң кв. км

Калкы – 19,12 млн адам

Борбор шаары: Астана, 1,2 млн тургун

Экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү учурдагы баалар менен 82 208 млрд теңгени (190,4 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индекси – 104,1%.

2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 37 047,6 млрд теңгени (87,0 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2020-жылга салштырмалуу индекси – 103,8 %.

2021-жылы мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 85,7 млн тонна, киши башына – 4 509,9 кг.

2021-жылы жаратылыш газын казып алуу – 54,3 млрд м3, киши башына – 2 857,5 м3.

2021-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 7 550 млрд теңгени (17,7 млрд АКШ долларын) түзгөн. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн 2020-жылга салыштырмалуу индекси 97,8% түзгөн.

2021-жылы Казакстан Республикасынын экспорту 60,3 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 47,5 млрд АКШ доллары).

2021-жылы Казакстан Республикасынын импорту 41,2 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 38,9 млрд АКШ доллары).

Өндүрүштүн негизги тармактары

Түстүү жана кара металлургия, химиялык, машина куруу, жеңил, тамак-аш өнөр жайы, жана ошондой эле мунайды кайра иштетүү жана курулуш материалдарын өндүрүү.

Кошумча

Эң ири дарыялары, мамлекеттин территориясындагы узундугу, км менен: Ертис (Иртыш) – 1 698, Есиль (Ишым) – 1 400, Сырдарыя – 1 400, Жайык (Урал) – 1 082. 

Эң ири көлдөрү, миң чарчы км: Каспий деңизи - 371, Арал деңизи - 41, Балхаш- 18,2. 

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Хан-Теңир чокусу (Сарыжаз кыркасы) - 6995 м. 

Айлык орточо температурасы: 
январь: -1,4° С тан (түштүктө) -24,6° С ка чейин (түндүктө), 
июль: +18,1° С тан (түндүктө) +30,6° С ка чейин (түштүктө).


Кыргыз Республикасынын Президенти
Садыр Жапаров

География

Аймагы: 199,9 миң кв. км

Калкы – 6,75 млн адам

Борбор шаары: Бишкек, 1,1 млн тургун

Экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү учурдагы баалар менен 723 млрд сомду (8,5 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индекси – 103,6%.

2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 357,2 млрд сомду (4,2 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2020-жылга салштырмалуу индекси – 109,0 %.


2021-жылы мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 0,3 млн тонна, киши башына – 44,8 кг.

2021-жылы табигый газды казып алуу – 0,02 млрд м3, киши башына – 3,0 м3.


2021-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 324 млрд сомду (3,8 млрд АКШ долларын) түзгөн. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн 2020-жылга салыштырмалуу индекси 95,0% түзгөн.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын экспорту 1,7 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 2,0 млрд АКШ доллары).

2021-жылы Кыргыз Республикасынын импорту 5,6 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 3,7 млрд АКШ доллары).

Негизги өнөр жай тармактары

Айыл чарбасы, гидроэнергетика, түстүү металлургия, тоо-кен казып алуу өнөр жайы, машина куруу, прибор куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы.

Кошумча маалыматтар

Кыйла ири дарыялар, мамлекеттин аймагы боюнча узундугу, км: Чу - 1300 

Ири көл, миң км2 Ысык-Көл – 6 

Деңиз деңгээлинен эң бийик жер: Жеңиш чокусу - 7 439 м 

Ай ичиндеги орточо температура: 
январь: -2,2° С дан -29,1° С чейин 
июль: +4,1° С дан +26,8° С чейин


Армения Республикасынын өкмөт башчысы Никол Пашинян

«Биз товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн жана капиталдын эркин жылышуусуна иш жүзүндө жетишүү, ошондой эле Бирликтин укугу менен регламенттелген экономикалык кызматташтыктын преференциалдык режимдерин киргизүү кызыкчылыгында ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүз менен активдүү өз ара аракеттенүүгө багыт алуудабыз».

Географиясы

Аймагы: 29,7 миң кв. км

Калкы – 2,96 млн адам

Борбор шаары: Ереван, 1,1 млн тургун

Экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү учурдагы баалар менен 6 983 млрд драмды (14,5 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индекси – 105,7%.

2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2 385,9 млрд драмды (4,7 млрд АКШ долларын) түзгөн. 2021-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2020-жылга салштырмалуу индекси – 103,3 %.

2021-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 977 млрд драмды (1,9 млрд АКШ долларын) түзгөн. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн 2020-жылга салыштырмалуу индекси 99,0% түзгөн.

2021-жылы [1]Армения Республикасынын экспорту 3,0 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 2,5 млрд АКШ доллары).

2021-жылы Армения Республикасынын импорту1 5,4 млрд АКШ долларын түзгөн (2020-жылы – 4,6 млрд АКШ доллары).

[1] Бул жерде жана мындан ары 2021-жылдагы экспорт (импорт) боюнча маалыматтар – ыкчам маалыматтар.

Өндүрүштүн негизги тармактары

Курулуш материалдарын өндүрүү жана иштетүү, түстүү металлургия, шарап-коньяк ичимдиктерин өндүрүү. Металл кесүүчү станокторду, престөө-калыптоочу жабдыктарды, так приборлорду, синтетикалык резинаны, шиналарды, пластмасса, химиялык буланы, минералдык жер семирткичтерди, электр кыймылдаткычтарды, микроэлектроника аспаптарын, зергер буюмдарды, жибек кездемелерди, трикотаж, чулки-байпак буюмдарын иштеп чыгаруучу ишканалар иштеп жатат. 

Кошумча

Армениянын башкы дарыясы: Аракс жана анын Раздан куймасы. Жалпы узундугу 23 миң км. чамалуу. 

Эң ири көлдөрү: Севан көлү, 1240 чарчы км. 

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Арагац тоосу(4095 м) 

Айлык орточо температурасы: Түздүктөрдө январда орточо температура −5 °C, июлда +25 °C; орто тоолордо (1000;1500 метр) −10 °C жана +20 °C, 1500ден 2000 м чейин бийиктиктерде −14°C жана +16 °C.