Жаңылыктар

11.07.2019

Жаш дипломаттардын бирикмеси Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн калыптануусуна олуттуу салым кошушу мүмкүн

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши (РФ ТИМ ЖДК) менен биргеликте Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ТИМдеринин жаш адистеринин өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны – Евразия экономикалык бирлигинин Жаш дипломаттар ассоциациясын (ЕАЭБ ЖДА) түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши (РФ ТИМ ЖДК) менен биргеликте Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ТИМдеринин жаш адистеринин өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны – Евразия экономикалык бирлигинин Жаш дипломаттар ассоциациясын (ЕАЭБ ЖДА) түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.Бул жаңы түзүм Бирликтин аймагындагы экономикалык дипломатия жөнүндө ачык диалогдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков Евразия мейкиндигинин жаш дипломаттарынын «2014–2019-жж. Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер: жыйынтыктар жана перспективалар» деп аталган VI форумунун алкагында өткөрүлгөн «Евразия мейкиндигинде экономикалык дипломатияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү» пленардык отурумунда билдирди. ЕЭК өкүлдөрү алгачкы жолу катышып жаткан бул иш чара 10-июлда Москвада Эл аралык соода борборунда болуп өттү. Данияр Турусбеков жаш дипломаттардын бирикмеси Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн калыптануусуна олуттуу салым кошушу мүмкүн деген ишеничин билдирди. «Мүчө мамлекеттердин жаш адистеринин бирикмеси Чоң Евразия мейкиндигинде кыйла кенен интеграциялык контурду куроо чекиттеринин бири болуп калышы мүмкүн», – деди ЕЭК өкүлү. Ал Евразия экономикалык комиссиясы ЕЭКтин Жаштар кеңешин түзүү боюнча иш алып барып жаткандыгын белгилеп өттү.Данияр Турусбеков Россиянын ТИМ ЖДКнын төрагасы Константин Колпаковго ЕЭК менен кызматташтыгы жана мүчө мамлекеттердин дипломатиялык коомдоштугун консолидациялоо боюнча активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, 2018-жылдын 6-декабрында түзүлгөн, ЕАЭБде интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүү жөнүндө декларацияда мүчө мамлекеттердин жарандарын, коомдук уюмдарын жана бизнес-коомдоштуктарын ЕАЭБдин иштөө процесстерине кеңири тартуу жана алардын евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн кийинки багыттарын аныктоодо катышуусу приоритет катары белгилендигин эскертип өттү.Узак мөөнөттүү перспективада мындай иш евразия элитасынын түзүлүшүнө өбөлгө түзмөк, буга ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян бардык аянтчаларда бир нече ирет чакырып өткөн. «Буга байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш дипломаттарынын бирикмеси – жаңы идеяларды алмашуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн кийинки багыттарын аныктоо үчүн чөйрөнү түзүүгө багытталган кадам болуп саналат», – деп Данияр Турусбеков баса белгиледи.ЕЭКтин Департаментинин директору ушул жылдын 25-27-сентябрында Бишкекте төртүнчү «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму болуп өтүшү жөнүндө айтты, жана ЕАЭБдин ишмердигинин жыйынтыктарын биргеликте чыгаруу жана Бирликтин өнүгүү перспективаларын талкуулоо үчүн, жаш дипломаттарды форумдун алкагында болуп өтүүчү ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектебине катышууга чакырды.Мындан сырткары, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 5-жылдыгын жана евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгын майрамдоонун алкагында бул жылы Россиянын ТИМинин колдоосунда салттуу Жайкы дипломатиялык оюндар, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян демилгелеген «Эркин пирамида» бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаты өткөрүлөт. Чемпионат 7-14-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алдында, Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт. Аталган бардык иш чаралар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарын, жаш адистерин жана эксперттерин бардык аянтчалардагы бирдиктүү ишке кеңири тартууга багытталган.