Жаңылыктар

26.09.2019

Тигран Саркисян «Евразия жумалыгында» «ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебин» ачты

​​​Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) катышкан өлкөлөрдүн жаштар активисттерин жана кызматын жаңы баштап жаткан дипломаттарын бириктирген «ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебинин» өткөрүлүшү «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун жаштар трегинин негизги бөлүгү болуп калды. ​​Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) катышкан өлкөлөрдүн жаштар активисттерин жана кызматын жаңы баштап жаткан дипломаттарын бириктирген «ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебинин» өткөрүлүшү «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун жаштар трегинин негизги бөлүгү болуп калды.   Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жаштар күн тартиби форум үчүн жогорку мааниге ээ экендигин белгиледи.  «Жаңы муун келүүдө, жана биз үчүн заманбап жаштардын кандай экендигине баа берүү маанилүү. Силердин ой жүгүртүүңөр башкача, силер өзүңөрдү жана бүткүл дүйнөнү башкача кабыл аласыңар. Ал эми биз силерди түшүнүү үчүн, силерге кунт коюшубуз зарыл. Анткени силер – биздин өлкөлөрдүн келечегисиңер», – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгиледи. ЕАЭБдин жаш лидерлери менен жолугушуу учурунда Тигран Саркисян заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүнүн жаштар өзгөчө көңүл коюу менен изилдеши керек болгон бир катар глобалдык тенденцияларын белгилеп өттү. Алардын арасында – маалыматтык агымдардын улам чоңоюп жаткан көлөмдөрү жана ылдамдыгы. «Силердин муун өзгөрүүлөрдүн жыштыгы фантастикалуу болгон, өтө татаал мезгилдерде жашамакчы. Бул жаңы технологияларга жана приборлорго гана тиешелүү эмес, дегеле жашоонун тартиби жана анын баалуулуктары өзгөрүүдө. Силер үйрөнүшүңөр керек болгон негизги нерсе – ой жүгүртүү жана маалымат менен иштөө жөндөмдүүлүгү, анткени кайсы болбосун билимдер тез эскирүүдө», – деп Тигран Саркисян жаш лидерлерди чакырып өттү. Мындай олуттуу өзгөрүүлөрдүн шарттарында стратегиялык өнүгүүнүн жалпы милдеттерин чечүү үчүн интеграциялык процесстердин, региондордун жана мамлекеттердин биригүүсүнүн ролу өсүүдө. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтуусу боюнча, дүйнөдө көпчүлүгү мындай кооперациянын зарылдыгын түшүнүштү, ал эми мунун натыйжасы эл аралык масштабдагы долбоорлордун жана демилгелердин активдүү өнүгүшү болду.   ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жолугушуунун катышуучуларынын ЕАЭБдин аймагында жаштардын ишкердик бирикмелерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө, Бирликтин өлкөлөрүнүн мындан аркы жакындоосунун жана ага башка мамлекеттерди тартуунун перспективаларына, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин социалдык таасирлерине тиешелүү суроолоруна жооп берди. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бирликтин өлкөлөрүнүн бүгүнкү күндөгү интеграциясы принципиалдуу жаңы – экономикалык негиздерде түзүлүп жаткандыгын белгиледи. «ЕАЭБдин негизги принциби тең өкүлчүлүктүүлүк болуп саналат. Жөнгө салуучу ченемдик актыларды кабыл алууда биз, калктын санынан жана ИДӨнүн көлөмүнөн көз карандысыз, баарыбыз теңбиз», – деп Тигран Саркисян баса белгиледи. Маалымат «Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган. «Евразия жумалыгынын» программасында үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу каралган: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышууда. Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com.