Жаңылыктар

15.03.2023 (Обновлено: 16.03.2023 16:53)

Төмөн вольттуу жабдууларга жана техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештигине техникалык регламентке продукциянын тизмеги актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы бажы декларациясын тапшыруу Бирликтин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документти берүү менен коштолгон продукциялардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Продукциянын тизмектери ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 90 жана 2022-жылдын 10-июнундагы № 91 чечимдери техрегламенттерге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык оңдолду. Ошондой эле продукциянын бардык түрлөрү үчүн тизмектерде ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 белгиден турган коддору белгиленди.

Өзгөртүүлөр ЕЭК Коллегиясынын тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.