Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Стратегиялык демилгелер агенттиги жана Росконгресс фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы мезгил үчүн күчтүү идеялар" форумунун "Эгемендүүлүктөр достугу: адилеттүү эл аралык өнөктөштүктүн механизмдери" сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
"Бир нече жылдан бери ЕАЭБде биз озуп бараткан өсүштү жана тышкы соодага караганда өз ара сооданын жакшыраак түзүмүн байкап жатабыз. Өткөн жылы соода дээрлик 10%га өсүп, биз дагы бир рекордго жетиштик – жана мунун бардыгы санкциялардын жана чектөөлөрдүн шарттарында болуп жатат. Ошол эле учурда улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөр 90%дан ашты, – деп белгиледи министр. – Башкача айтканда, бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин жалпы механизмдер жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Мындай терминдерде биз кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз. Биринчи кезекте, глобалдык Түштүктүн тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү менен".
Андрей Слепнев эскертип өткөндөй, өткөн жылдын декабрь айында Иран менен эркин соода жөнүндө дымактуу келишимге кол коюлган. Мунун аркасында, бүгүнкү күндө эркин соода зоналары боюнча өнөктөштөр менен бирге эсептегенде үч жүз миллионго жакын адамды түзгөн биздин рынок, дагы 90 миллионго өстү. Азыр Египет, БАЭ, Индонезия менен жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Монголия менен сүйлөшүүлөр башталып, Индия багыты менен сүйлөшүүлөр алдыда. "Башкача айтканда, биз бул программаны аткарсак, 2 миллиарддан ашык керектөөчүгө эркин соода аймагын алабыз. Бул чындыгында эле өнүгүү үчүн олуттуу негиз", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри.
Ошол эле учурда, Евразия экономикалык бирлигинин дүйнөдө санаалаштары көп экендиги маанилүү. Мисал катары, "Түндүк – Түштүк" экономикалык коридорун алсак, ЕАЭБ да, Иран да, Индия да импортту алмаштыруу программаларын жана өздүк технологиялык платформаларды жигердүү өнүктүрүп жатышат. Кытай бул ишти кеңири номенклатура боюнча аткарды. Ошентип, келечектин технологиялары үчүн табигый коллаборация жөнүндө айтууга болот.
Андрей Слепнев быйыл Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын алкагында күтүлүп жаткан дискуссиялар тышкы оюнчулардын кысымына туруктуу, адилеттүү эсептешүүлөрдүн механизмдерин түзүүгө практикалык түрткү берет деген үмүтүн билдирди. Анын айтымында, эртеби же кечпи сөзсүз түрдө эсептешүүлөрдү санариптик валюталарда жүргүзүүгө өтүү болот, бул тышкы соода агымдарын тейлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Форумдун аталышын эске алганда, эл аралык кызматташуу үчүн чындыгында көптөгөн жаңы идеялар керек экендиги өзүнчө тема болуп саналат: жасалма интеллект, электрондук соода, климаттык технологиялар, логистикалык чечимдер чөйрөлөрүндө – мунун бардыгы идеяларды жана конкреттүү инструменттерди талап кылат", – деди сөзүнүн аягында Андрей Слепнев.
Талкууга ошондой эле: Россиялык экспорттук борборунун вице-президенти Роман Генкель, Россия Федерациясынын Армения Республикасындагы соода өкүлү Анна Донченко, Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин ректору Иван Лобанов, Евразиялык интеграция илимий борборунун эксперттик тобунун жетекчиси Олег Ногинский, Роскызматташтыктын жетекчисинин орун басары Дмитрий Поликанов, "Ишкер Россия" жалпы россиялык коомдук уюмунун президенти Павел Титов, "Африка үйү" АКЭУ башкы директору Серж Фокас Одунлами, Россиядагы Америкалык Соода палатасынын президенти Роберт Эйджи катышышты. Иш-чаранын модератору "Орус Медиатобу" АКнын башкы директору Любовь Маляревская болду.