Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев мындай пикирин Ecumene 2023 үчүнчү Глобалдык каржы форумунун жүрүшүндө "Көмүртек бирдиктеринин рыногу" сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. "Бул тең салмактуулукка милдеттүү ченемдер, моделдик жөнгө салуу, ыктыярдуу механизмдер түрүндөгү опциялардын бүтүндөй топтомун түзүү аркылуу жетишүүгө болот", – деп ал ишенимин билдирди.
ЕЭК министри июнь айында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды иштеп чыгууну тапшырышканын эске салды. Технологиялык трансформациянын алкагында ички тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо милдети коюлган.
Ошондой эле алдыга өнүгүп жаткан өлкөлөрдө көмүртекти улуттук жөнгө салуунун өнүгүшүнө "бөгөт коюуга" жол бербөө маанилүү, мисалы, Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында.
"Тескерисинче, арымдын өсүшүнө көмөк көрсөтүү зарыл. Биз дүйнөдө жөнгө салуу кандай өнүгүп жатканын көрүп жатабыз жана биз чындап эле кыймылды күчөтүшүбүз керек экендигин моюнга алышыбыз керек", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.
Ал биринчи кезекте көмүртек бирдигинин статусун жана жалпы бирликтик деңгээлде атайын талаптар коюлушу мүмкүн болгон экономиканын тармактарын аныктоо зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле кеп климатты коргоо чөйрөсүндө валидация жана верификация боюнча органдарды аккредиттөө жаатындагы мамилелерди жакындаштыруу жөнүндө болууда.
"Евразиялык көмүртек бирдиктери саясаттан тышкары болушу мүмкүн. Бул жерде биз кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү көрөбүз: климаттык долбоорлорду демилгелеп жаткан компанияларыбызга көмүртек бирдиктерин сыртка чыгарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү үчүн улуттук жана жалпы бирликтик инструменттер айкалыштырылышы мүмкүн. Биз азыр бул темада кытай тарап менен да иш алып бара баштадык, биздин мүчө мамлекеттер башка өлкөлөр менен да иштешүүдө", – деди Андрей Слепнев сөзүнүн аягында.
Иш-чарага "Жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор эл аралык борбору" КАК төрагасы Олжас Агабеков, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов катышты, "Контур" АК башкы директору Оксана Гогунская, Net Zero Asia негиздөөчүсү – башкы директору Грейс Хуэй, "Москва биржасы" ААКнын Операциялык тобокелдиктер, маалыматтык коопсуздук жана бизнестин үзгүлтүксүздүгү департаментинин директору Сергей Демидов, Беларус универсалдуу товардык биржасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Мацевило, Россия Федерациясынын Президентине караштуу С.С. Алексеев атындагы жеке укук изилдөө борборунун юридикалык жактар жөнүндө мыйзамдар бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Татьяна Медведева, Россиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин атаандаштык, энергия натыйжалуулугу жана экология департаментинин директору Ирина Петрунина катышты. Иш-чаранын модератору "Газпромбанк" АКнын биринчи вице-президенти Екатерина Салугина-Сороковая болду.