Жаңылыктар

09.02.2024

Андрей Слепнев: "Иранда жана башка келечектүү өнөктөш өлкөлөрдүн аймактарында ЕАЭБдин соода үйлөрүн түзүү жөнүндө демилгени иштеп чыгуу зарыл"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинде (РӨИБ) Россиялык бизнес жумалыгы-2024 алкагында өткөн "Россия 2030 жана жаңы дүйнөлүк экономикалык тартип: бизнестин негизги факторлору жана ролу" эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министр иш-чаранын катышуучуларына өткөн жылдын аягында Иран менен толук форматтуу эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун натыйжасында бул өлкөнүн рыногуна кирүүнүн эксклюзивдүү шарттарына жетишилгендигин эскертти. "Убактылуу макулдашуу колдонулуп жаткан мезгилде эле биз сооданы эки эсеге көбөйттүк. Туруктуу макулдашуу күчүнө киргенден кийин, мындай эки эсе өсүүнү кыска мөөнөттө кайталайбыз деп ишенебиз. Азыркы учурдагы 6 млрд доллар көлөм менен салыштырмалуу, Иран менен соодабызды болжол менен үч жылдын ичинде 12 млрд долларга чыгарып, андан кийин дагы 18-20 млрд долларга чейин көбөйтөбүз деп ишенебиз", – деди ал.

Ошол эле учурда, Андрей Слепневдун айтымында, сооданын дароо өсүшү үчүн бир эле соода келишими жетишсиз. Ал соода үйлөрүн түзүү жөнүндө демилгени бөлүп көрсөттү, мындай демилгени бир нече жолу РӨИБ көтөргөн. "Бул демилгени кантип туура түзүүнү чогуу ойлонушубуз керек. Биз стандарттуу эмес ыкмалар керек болгон татаал рынокторго чыгып жатабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри.

Буга байланыштуу Андрей Слепнев Индонезия жана БАЭ менен эркин соода жөнүндө сүйлөшүүлөр азыр активдүү жүрүп жатканын, ЕЭК Египет менен финалдык сүйлөшүп келишкендиктерге жетишүүгө ниеттенгендигин маалымдады. Мындан тышкары, Комиссия бул өлкөнүн "Түндүк – Түштүк" экономикалык коридору үчүн маанисин эске алуу менен, индиялык тректи күчөтүүгө үмүттөнөт.

"Биз биринчи эркин соода жөнүндө келишимди түзгөн Вьетнамга да көңүл бургум келет. Чындыгын айтканда, бизнестин бул багытта аракеттери көңүл жылытарлык эмес: жаңы компаниялар өнөктөштүн рыногуна жигердүү кирбей жатат. Бирок өлкө регионго кирүүчү дарбаза деа айтууга болот, жана ал жакта бизге абдан жакшы мамиле жасалып жатат, ошондуктан мен бизнеске бул өлкөнү жакшылап кароону сунуштайм", – деп Андрей Слепнев ишкерлерге кайрылды.

Ал Кытай менен өз ара мамилелерге өзүнчө токтолду. Бир жагынан эң ири дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү басаңдап жатса, экинчи жагынан КЭР менен ЕАЭБдин соода-экономикалык байланыштары кескин өсүүдө. ЕЭК азыркы учурда тиешелүү маалыматты талдап жана кытайлык өнөктөштөр менен соода агымдарын тең салмактоо боюнча макулдашууларга жетишүүгө ниеттенүүдө.

"КЭР менен болгон преференциялык эмес макулдашуунун алкагында бизге "тар" болуп жатат деп айтууга болот: өз ара аракеттенүүнүн масштабы 2015-жылы түптөлгөн алкактан чыгып жатат. Азыркы тапта окумуштуулар биздин соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү перспективалары боюнча иштеп чыккан сценарийлерди практикалык талкуулоону жүргүзүп жатабыз. Алар ар кандай: азыркы макулдашууну жеткире иштеп чыгуу сценарийи бар, эркин соода аймагы боюнча көп убакыттан бери Кытай сунуштап жаткан сценарий бар (ага азырынча биз даяр эмеспиз деп ойлойм), чектелген преференциалдык камтуу боюнча аралык сценарий бар, анда белгилүү перспективалар бар. Бул жерде да биз бизнес менен тыгыз иштешүүгө ишенебиз", – деп Андрей Слепнев кытай темасын жыйынтыктады.

Дискуссиянын катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнө пикирин билдирүү менен ЕЭК министри климаттык өзгөрүү темасын да козгоду. Бул жерде, анын пикири боюнча, азыркы учурда дүйнөдө практикалык жактан эки "ой мектеби" бар: же АКШдагыдай масштабдуу субсидиялоо, бул өндүрүштөрдүн алардын рыногуна кайра агылышын жеңилдетет, же Европадагыдай протекционизм, ал чек аралык түзөтүүчү көмүртек механизмин киргизүү менен байланышкан. "Менин оюмча, биз ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКСтеги өнөктөштүктүн алкагында бул багытта өз ыкмабызды иштеп чыгышыбыз зарыл. Соода менен алектенген адам катары мен, албетте, бул ыкма өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктарды камтыбашы керек деп так айта алам. Биз координацияланган саясат жөнүндө макулдашып алышыбыз керек", – деп толук ишенет министр. Анын айтымында, тиешелүү сунуштар даярдалып жатат.

Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук; Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников; ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян; Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Руслан Давыдов; РӨИБ интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитетинин төрагасы, "Северсталь" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Мордашов; РӨИБ эл аралык кызматташуу боюнча комитетинин төрагасы, "РЕНОВА" МИ директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Вексельберг ж. б. катышышты. Талкуунун модератору РӨИБ президенти Александр Шохин болду.