Жаңылыктар

17.06.2022 (Обновлено: 29.06.2022 13:02)

Андрей Слепнёв ПЭЭФте Египеттин, БАЭнин жана Ирандын делегация башчылары менен жолугушту

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв Петербург эл аралык экономикалык форуму–2022нин алкагында Египеттин, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Ирандын делегация башчылары: Египет Араб Республикасынын өнөр жай жана соода министри Невин Гамея, БАЭнин жасалма интеллект, санариптик экономика жана алыстан иштөө үчүн тиркемелер маселелери боюнча мамлекеттик министри Омар бин Султан Аль Олама, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, тоо-кен жана соода министринин орун басары Алиреза Пейман-Пак менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды, ошондой эле эркин соода жөнүндө макулдашуулардын үстүнөн иштин андан аркы кадамдары аныкталды.