Евразия экономикалык комиссиясынын директору Армен Арутюнян Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан уюштурулган "Азык-түлүк тутумдарын туруктуу өзгөртүү үчүн шаардык жана жергиликтүү азык-түлүк тутумдарын колдонуу" панелдик сессиясынын алкагында туруктуу өзгөрүүлөргө жетишүүдө алардын трансформациясы боюнча азык-түлүк турумдарынын өзөктүү ролу жөнүндө баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.
ЕЭК өкүлү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды жайылтуу механизмдери жөнүндө айтып берди, алар анын ичинде шаардык айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана өсүп жаткан шаарларда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
"Азыркы учурда ЕАЭБде биздин Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда инновациялык өнүмдөрдү өндүрүү жана жайылтуу жана кызматташтыкты жөнгө салуу жагында тажрыйба жана билим алмашуу үчүн ар кандай аянтчалар түзүлүүдө", – деп белгиледи Армен Арутюнян.
Форумдун талааларында ЕЭК өкүлдөрү бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүштү. Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Европа жана Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн регионалдык программаларынын жетекчиси Раймунд Йеле менен ЕЭК жана ФАОнун өз ара иштешүүсүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүү, ЕАЭБде үрөн өндүрүү, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өсүмдүк өстүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу, ЕАЭБдин ички рыногунда жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн экспорттоо боюнча логистикалык чечимдерди издөө маселелери каралды.